Android уюлдук телефондоруүчүн атайын«Мамлекеттик каттоо кызматы» боюнча тиркеме иштелип чыкты. Ал эми Apple үлгүсүндөгү телефондор үчүн бул кызмат киийнчерээк ишке ашат.
Статистика боюнча порталдын 85% колдонуучулары уюлдук телефондун кызматтарын колдонушат. Ошол себептен тиркеме иштеп чыгууга идеясы келип чыккан.
Тиркемени Google Play Market тиркемесинен көчүрүп алса болот.
Бул кызматта төмөндөгү кызматтын түрлөрү бар:
GDS Services мобилдик тиркемесинин артыкчылыктарынын бири - кайтарым жооп берүү тутуму (push notifications), бул сизге алган айыптар, паспорттун даярдыгы ж.б. жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.
Келечекте мобилдик тиркеменин кызматтарынын спектрин кеңейтүү пландаштырылууда: электрондук айдоочулук күбөлүк, электрондук унаа паспорту, электрондук паспорт жана башка кызматтарды кошуу.