2020-жылы коммерциялык банктардын насыя портфели 162.5 млрд сомго жетти. Өткөн жылдан бери 10.3% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Насыянын басымдуу бөлүгү сом менен берилген – 109 млрд сом. 2020-жылдын январь айынан тарта өсүү 14.8 млрд сомду түздү. Чет элдик валютада берилген насыя 1.9 млрд сомго жогорулап – 53.5 млрд сомго чейин жетти.
Өткөн жылы орточо пайыздык чен 14.6 пайыздан 13.8% пайызга чейин төмөндөгөн. Чет элдик валютадагы чендин көлөмү жылына 9.6%-9.2% менен сакталып калды.