Өткөн жылдын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда 280 млн кубметр жаратылыш газы колдонулган. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын экономика жана финансы боюнча башкы директору Арзымат Алдаяров билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө газ колдонуучулардын саны жыл сайын өсүүсү күтүлүүдө. 2014-жылы жалпы көлөм 210 млн кубметрди түзгөн.
Андан сырткары, Бишкектин 38 жаңы конушунун жашоочулары газга кошулган. 2018-жылдан тарта жыл сайын газ колдонгон жашоочулардын саны эки эсеге өскөн.