Баткендеги калкты тейлөө борборуна бир күндө 100дөн ашык адам жарандык алуу үчүн кайрылды

24.11.2021, 10:07 Акчабар
Баткендеги калкты тейлөө борборуна бир күндө 100дөн ашык адам жарандык алуу үчүн кайрылды

Быйылкы жылдын 23-ноябрында Баткен шаарынын калкты тейлөө борборунда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу пункту ачылып, ага бир күндө 100дөн ашык адам кайрылган. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Арыз берген бардык жарандарга консультациялык кызматтар, ПИН-коддорду берүү жана жарандык алуу үчүн документтерди тариздөө кызматтары көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, үч айда аймактык башкармалыктар жарандыкка 483 материалды кабыл алып, иштеп чыгышкан. Президенттин алдындагы жарандык маселелери боюнча комиссияга этникалык кыргыздарга тиешелүү 83 материал жөнөтүлгөн. Ага ылайык, 31 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алган.

Тэги: гражданство КР Министерство цифрового развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу