В Кыргызстане планируют начать сборку автомобилей

31.05.2019, 15:46 Акчабар
В Кыргызстане планируют начать сборку автомобилей

 Кыргызстанда жылдын аягына чейин  автомобиль чыгарылат. Бул тууралуу «Чакан бизнес-ийгиликке бирге»-аттуу Инвестициялык форумда КР инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча Агенттиктин директору  Шумкарбек Адылбек уулу билдирди. 

«Жылдын аягына чейин кытай инвесторлору менен автомобиль чыгарууну пландап жатабыз», – деп билдирди ал. 

Шумкарбек Адылбек уулунун айтымында,учурда тараптар сүйлөшүп, макулдашуу жүрүүдө.Ноябрь-декабрда биринчи автомобиль чогулуп калышы керек. 

«Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү уланууда (кыргызстандан жеке компания, кытай компаниясы менен) өндүрүш баштоого даяр. Кайсыл тарап эмне менен алек болоору аныкталды. Жакында кыргыз тарап Кытайга барып заводду көрүп келет.Андан кийин кайсыл модель чыгары, инженердик курам жана башка маселер чечилет», – деп билдирди  ал «Акчабарга».

Учурда кыргыз тарап өндүрүш жүрүүчү жай жана цехтерди дайындап жатышат.

«Баардыгы ойдогудай болсо, ноябрь-декабрда биринчи автомобиль чогултурулп калат», – деп кошумчалады Шумкарбек Адылбек уулу.

Учурда Кытай маркасында машина чогултулабы же жаңы бренд ачылабы талкууланып жатат. Канча инвестиция талап кылынат деген суроого так жооп берген жок. Болгону, бул автомобиль куруу эмес, чогултуу болгондуктан, чакан цех, бизнес эле жетиштүү  деп белгиледи ал. 

 

Тэги: Кыргызстан автомобили Шумкарбек Адылбек уулу форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу