КР ТИМ Дипакадемиясында эл аралык мамилелерди талдоо борбору түзүлдү

04.09.2020, 09:17 Акчабар
КР ТИМ Дипакадемиясында эл аралык мамилелерди талдоо борбору түзүлдү

 ТИМ Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелерди талдоо борбор түзүлдү, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага байланыштуу күн мурун, 3-сентябрда министрликте кеңешме өтүп, иш-чарага министрликтин жетекчилик курамы, ошондой эле Дипломатиялык академиянын ректору жана проректору катышты.

 

«Бул борбор президент С. Жээнбековдун 2019-жылы КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен болгон кеңешменин жүрүшүндө Дипломатиялык академиянын жана дипломатиялык кызмат органдарынын тышкы саясат, эл аралык мамилелер багытындагы аналитикалык ишмердүүлүгүн бекемдөө жагында койгон тапшырмасын аткаруу үчүн түзүлгөндүгүн министр Ч.А.Айдарбеков белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

 

Жаңы түзүлгөн борбордун жетекчиси болуп экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев дайындалды. Ал жаңы түзүмдүн ишинин мүнөзү жана келечектүү багыттары боюнча конкреттүү сунуштарды айтты.

ТИМ Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелерди талдоо борбору учурдагы тышкы саясий процесстерди ар тараптуу талдоону жүзөгө ашыруу жана практикалык мүнөздөгү узак мөөнөттүү болжолдуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлдү.

Тэги: МИД Дипакадемия Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу