Кыргызстанда автоунааларга болгон баа 27%га кескин өстү

21.03.2024, 14:28 Акчабар
Кыргызстанда автоунааларга болгон баа 27%га кескин өстү

2023-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Кыргызстанда автоунаалардын баасы 27%га кескин өскөн. 

Автоунаалардын баасынын өсүшү 2023-жылдын кийинки айларында уланганына карабастан, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу басаңдап, 23,2% (+ 2022-жылдын ноябрына карата) жана 18,7% (+2022-жылдын декабрына карата) деңгээлинде болгон. 

Белгилеп кетсек, 2023-жылы эле өлкөгө 184 миң 789 жеңил унаа алынып келинген. 2022-жылга салыштырмалуу импорт 4,5 эсеге өскөн, 2022-жылы 41 миң 241 автоунаа алынып келинген. Мындан тышкары, 2021-жылдагы 13 миң 116 жеңил унаанын көрсөткүчүнө салыштырмалуу өсүү 14 эседен ашкан.

Кыргызстандын автоунааларынын импортунун кескин өсүшү Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген учурга туш келди. Кыргызстандагы автобазардын жанданышына дал ушул себеп болду деп айтууга негиз бар. 

Атап айтканда, Орусиядагы салттуу жеткирүү түйүндөрүнүн бузулушу жаңы соода жолдорунун пайда болушуна алып келди. Кыргызстан жаңы ачылган реэкспорттук каттамдарга билгичтик менен интеграцияланып, Орусиянын рыногуна негизги жеткирүүчүлөрдүн бири болуп калды. Бул өзгөчө автомобиль тармагында байкалат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанга келген жеңил унаалардын 71,6%ы Орусияга туура келген. 

Тэги: новости Кыргызстана авторынок цены на машины экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу