Каржы министрлиги быйыл Кытайга канча карыз төлөгөнүн айтты

27.11.2023, 17:47 Акчабар
Каржы министрлиги быйыл Кытайга канча карыз төлөгөнүн айтты

27-ноябрга карата Каржы министрлиги тышкы карызды тейлөөгө 28 миллиард 716 миллион сом бөлдү. Акчанын көбү карыздын негизги суммасын төлөөгө жумшалды. Бул тууралуу “Акчабарга” Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Абданбек Абдыбапов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тышкы милдеттенмелердин негизги суммасын төлөөгө 22 миллиард 603 миллион сом короткон.

"Биз тышкы карыздын үстөк пайызын жабууга дагы 6 миллиард 113 миллион сом бөлдүк", - деди Абдыбапов.

Ал ошондой эле бул жылы кайсы кредиторлорго эң көп акча төлөнгөнүн айтып берди.

"Биринчи орунда Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Быйыл ага 8 миллиард 99 миллион сомду негизги карызга, 3,1 миллиард сом пайызга төлөп бердик. Бул бир кредитордун пайдасына быйыл биз төлөгөн эң чоң сумма", - деди Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз бөлүмүнүн башчысы.

Төлөмдөрдүн көлөмү боюнча экинчи жана үчүнчү орунда Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банктын ЭӨА тобу) турат. Быйыл республика негизги карыз үчүн алгачкы 4 миллиард 580 миллион сом, пайыздар үчүн 1 миллиард 193 миллион сом төлөдү. ЭӨАга Кыргызстан карыздын негизги суммасынын 2 миллиард 732 миллион сомун жана 406 миллион сом пайызын төлөгөн.

Абданбек Абдыбапов быйылкы жылдын аягына чейин республика тышкы карыз боюнча дагы 3 миллиард сом төлөй турганын тактады.

Тэги: новости Кыргызстана внешний долг кредиторы деньги выплаты долга

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу