Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Лейлек районунун Алга айылына мектеп курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин баасы 116 миллион 657 миң 312 сомду түзөт. Бул каражатка тендерди уткан тарап 225 окуучуга ылайыкталган мектепти курууга тийиш.