Мектепте иштеген техникалык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

12.12.2023, 18:01 Акчабар
Мектепте иштеген техникалык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаттын бюджети боюнча жыйынында депутат Айбек Алтынбеков мектептердеги техникалык кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү суранды.

Анын айтымында, техникалык кызматкерлердин айлыгы 7 миң сомдун тегерегинде. Бирок үч-төрт миң алгандар да бар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда техникалык кызматкерлердин стандарттары кайра каралып жатканын айтты.

“Өлкөдө 70 миңден 80 миңге чейин мугалим бар. Ошол эле учурда 45 миңден 50 миңге чейин техникалык кызматкерлер бар. Мугалимдердин саны дээрлик көп. Эми эмгек  акыны көтөрүүдөн мурун стандарттарды карап чыгабыз. Бул саламаттыкты сактоо тармагына да тиешелүү. Мисалы, Улуттук госпиталда бейтаптар үчүн 2 миң 200 койка бар, ал эми кызматкерлер керебетке караганда көп”, - дейт Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда мындай айлык менен жашоо мүмкүн эмес, андыктан техникалык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт.

 

Тэги: новости Кыргызстана Айбек Алтынбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу