Өзбекстанда 4.8 млрд доллар инвестиция өздөштүрүлгөн

22.07.2020, 11:15 Акчабар
Өзбекстанда 4.8 млрд доллар инвестиция өздөштүрүлгөн

2020-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанда өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмү 4.8 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Podrobno.uz порталы кабарлайт.

Аталган суммага 3.2 млрд доллар өлчөмүндөгү түз чет элдик инвестициялар жана 1.6 млрд доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик кепилдик алдындагы чет элдик насыялар кирет.

Бул убакыт ичинде 494 объект эксплуатацияга берилген: 28 чоң өндүрүш объектилери жана регионалдык масштабдагы 466 өндүрүш объектиси.

Өзбекстандын экономикасына инвестиция тартууда  Орусия, Кытай, Германия жана Түркия алдыңкы орундарды ээлейт, ал эми инвестор-өлкөлөрдүн жалпы саны 37 жетет.  

Тэги: Узбекистан инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу