Улуттук банк кезектеги интервенцияны 14,2 млн долларга жасады

03.04.2020, 09:00 Акчабар
Улуттук банк кезектеги интервенцияны 14,2 млн долларга жасады

КР Улуттук банкы валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Улуттук банк валюта рыногунда 14,2 млн доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен – 10 млн доллар, бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен – 4,2 млн доллар).

Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери сегизинчи ирет интервенция жасап, жалпы 210,4 млн доллар сатты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттаган. Учурда көпчүлүк банктарда долларды сатып алуу 84,30 сом, ал эми сатуу 85 сомду түзүп жатат.

Тэги: КР Улуттук банк валюта рыногу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу