Вице-премьер-министр: «Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн илимий коомчулуктан инновациялык чечимдерди күтөбүз»

13.11.2019, 16:00 Акчабар
Вице-премьер-министр: «Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн илимий коомчулуктан инновациялык чечимдерди күтөбүз»

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова КР Илим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында уюштурулган иш-чарага катышты.

Алтынай Өмүрбекова илимий кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасында Илим күнү бул чөйрөнүн ролун жогорулатуу, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле илимий жетишкендиктерди рационалдуу пайдалануу максатында белгиленип келе жатканын белгиледи.

«2019-жылы илим чөйрөсүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Премьер-министрге караштуу Илим жана инновация боюнча кеңеш жаңыланып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө тажрыйба жүзүндө салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары артыкчылыктуу багыт катары эсептелип, ал эми көптөгөн баяндамалар, макалалар-конференциялар болсо илимдин өнүгүшүнө баа берүү үчүн негизги критерийи катары каралышы мүмкүн эмес. Кеңеш 2020-жылы илим изилдөө чөйрөсүндө негизинен мамлекеттик буйрутмага басым жасамай болду. Буга байланыштуу биз өлкөнүн өнөр жайын жана социалдык өнүгүүсү үчүн илимий коомчулуктан инновациялык чечимдерди күтөбүз», – деп айтты вице-премьер-министр 

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, кыргыз илиминин азыркы абалы аны өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү боюнча түп тамырынан өзгөртүүлөрдү талап кылат. Илимди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана өбөлгөлөө максатында 2019-жылы КР Салык кодексине түзөтүүлөр киргизилди. Алар илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өркүндөтүүнү колдоого багытталып, инновацияларды киргизүүнүн бизнес аркылуу түз каржылануусун камсыз кылат, колдонмо программалардын пакетин иштеп чыгат.
Вице-премьер-министр белгилегендей, эми бизнес илимий мекемелерге түздөн-түз кайрылып, тапшырык жасай алат. Муну менен бирге каржылоо суммасы салык салынуучу базадан чыгарылган эсептерге тийиштүү болот.

 

Тэги: инновационные решение бизнес экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу