Вице-премьер-министр: Өкмөт коррупцияга каршы иштерди комплекстүү аткарып жатат

06.12.2019, 16:15 Акчабар
Вице-премьер-министр: Өкмөт коррупцияга каршы иштерди комплекстүү аткарып жатат

Өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү механизмдери, анын элементтери жана өркүндөтүү» деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, коррупция коомубуздун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген негизги факторлордун бири бойдон калууда.

«Көрүнүп тургандай, жаза чараларын жана кылмыштык куугунтуктоону колдонуу коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кырдаалды жакшыртууга радикалдуу таасир берүүгө жол бербейт. Ийкемдүү таасир этүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн бардык жалпы мамлекеттик аппаратты бириктирүү талап кылынат», - деди ал.

Жеңиш Разаков Өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иштерди жасап жатканын айтты. Процедураларды жакшыртууга жана процесстерди оптималдаштырууга багытталган иш-чаралар көбүнесе кыйла маанилүү коррупцияга каршы натыйжага ээ.

«Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты эске алганда, бүгүн каралган маселелер кыйла актуалдуу жана өз убагында болуп саналат. Биз элдин кайрылууларына, айрыкча аткаруу бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын иши боюнча талаптарына жооп кайтарууга тийишпиз. Сөз соңунда белгилей кетким келет, коррупцияга каршы күрөшүү Өкмөттүн ишиндеги башкы элементтердин бири болуп саналат. Биз коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана өркүндөтүү, натыйжалуу өз ара иштешүү боюнча жаратмандык иштерди улантабыз», - деди Жеңиш Разаков.

    Тэги: антикоррупционные меры госуслуги

    Еженедельные дайджесты Акчабар

    Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

    Акчабар iPhone үчүн

    • Курсы валют в Бишкеке
    • Жаңылыктар жана аналитика
    • Банкоматтардын картасы
    Жабуу

    Акчабар Android үчүн

    • Курсы валют в Бишкеке
    • Жаңылыктар жана аналитика
    • Банкоматтар менен кассалардын картасы
    Жабуу