Мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелердин бир бөлүгү төлөндү

17.04.2024, 11:38 Акчабар
Мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелердин бир бөлүгү төлөндү

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 15-апрелге карата 141 миллиард 546 миллион 318,3 миң сомду түздү.

12-апрелге карата ал 141 миллиард 150 миллион 318,3 миң сомду түзгөн.

Өзгөрүүлөр Каржы министрлигинин 600 миллион сомдук 5 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелеринин бир бөлүгүн төлөп бергенине байланыштуу болду. Баалуу кагаздар 2019-жылдын 12-апрелинде 10,15% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.

Ошол эле учурда мекеме ушул жылдын 12-апрелинде 996 миллион сомдук 7 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштырган. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 16,39%га жетти. Белгилеп кетсек, алгач Каржы министрлиги 850 миллион сом тартууну пландаган, бирок суроо-талап сунуштан ашып, ведомство аны канааттандырган.

Ошентип, айырманы эске алганда карыз 396 миллион сомго көбөйгөн.

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу