«Алибаба» жети жылдан бери биринчи жолу 1,1 млрд доллар чыгым тартканын билдирди

14.05.2021, 12:00 Акчабар
«Алибаба» жети жылдан бери биринчи жолу 1,1 млрд доллар чыгым тартканын билдирди

Кытайлык "Алибаба" электрондук соода аянтчасы акыркы жети жылда биринчи жолу кварталдык жоготууга учурады. Операциялык чыгым 1,1 миллиард долларды түздү, деп айтылат отчетто.

"Алибаба" өзүнүн жоготууларын Кытай бийлигинин 18,23 миллиард юань (2,78 миллиард доллар) өлчөмүндөгү монополияга каршы айып пулу менен байланыштырды. Жалпы киреше 187,4 миллиард юанды (28,6 миллиард доллар) түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 64% га көбөйгөн.

Отчет жарыялангандан кийин компаниянын акциялары 6% га арзандады. "Форбес" журналы белгилегендей, "Алибаба" өзү 2022-жылы 930 миллиард юанды (144,12 миллиард доллар) түзгөн киреше боюнча күчтүү божомолдоруна карабастан акциялар азайып жатат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу