Жарандарды чет өлкөгө жумушка чакырган шылуундар көбөйдү

10.05.2024, 15:20 Акчабар
Жарандарды чет өлкөгө жумушка чакырган шылуундар көбөйдү

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөгө жумушка чакырган алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын билдирди. 

Маалыматка ылайык, шылуундар материалдык пайда көрүү, алдоо жолу менен Улуу Британияда жана Европа өлкөлөрүндө жарандарды жумушка орноштурууга укуксуз негизде убадаларын беришет. 

“Instagram” жана “Facebook” социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырабыз”, - деп билдирди мекеме. 

Борбор жарандарды www.migrant.kg расмий сайтынан чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат. 

Тэги: эмгек миграциясы кыргызстандык мигранттар миграция Улуу Британия айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу