Азия өнүктүрүү банкы Нарын облусунун айылдарын таза суу менен камсыздоого 32.9 млн $ бөлөт

30.04.2020, 10:50 Акчабар
Азия өнүктүрүү банкы Нарын облусунун айылдарын таза суу менен камсыздоого 32.9 млн $ бөлөт

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети 29-апрелде «Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы  2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында кол коюлган кредиттик макулдашууну  (Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитариясын жакшыртуу программасы) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32.9 млн АКШ доллары бөлүнүүдө.

- Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондунан 13.7 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант;

- Азия өнүктүрүү банкы 13.7 млн АКШ доллар насыя;

- Өкмөт 5.5 млн доллар өлчөмүндө кош каржылоо жасалып, бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.

Азия өнүктүрүү банкынын насыя берүүдөгү финансылык шарттары: насыя 32 жылга,  анын ичинде 8 жылга 1% жана 1.5% үстөк коюлуп, жеңилдетилген мөөнөткө  берилет. Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл.

Талкуу учурунда депутаттар аймактарда калкты таза суу менен камсыздоо маселелерин көтөрдү.

 

Тэги: законопроект ЖК комитет сельское водоснабжение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу