Akchabarsearch

Батыш автобекети жабылды. Аймактарга кайсы автобекеттен кетсе болот?

Бишкекте Батыш автобекети жабылып, анын ордуна Алма-Ата көчөсү менен Айланма жолдун кесилишине жакын жерде жана Ак-Кула ат майданынын жанында убактылуу автобекет иштөөдө. “Акчабардын” кабарчылары Ысык-Көлгө, Ошко же башка аймактарга кантип барса болорун көрүп кайтты.

Октябрдын аягында Бишкектеги Батыш автобекети биротоло жабылып, жарандарга Фучик көчөсүнүн батыш тарабына курууну пландап жаткан жаңы автобекеттин эскиздери сунушталган. Ал 162 гектар аянтты ээлейт. Айтмакчы, ал жерге Ош базары курулат. Ошондой эле, Айланма жолдогу автобекет иштеп жатат, бул социалдык тармактарда бир топ талаш-тартыштарды жаратты. 

Бирок алгач биз шаардын батыш тарабында жайгашкан, тыгындарды жоюу максатында жабылган эски Батыш автобекетине бардык.

Эски автобекет адаттан тыш ээн көрүндү. Бул жерде автобус да, такси да жок. Кассалар жабылган, күтүү залы бош. Бирок кээ бир шаардыктар дагы эле аймактарга кетиш үчүн бул жерге келишкенине жана автобекет көчүрүлгөнүн билбегендер бар экенине күбө болдук. Аймактарга кантип кетүүгө болот?

Аймактарга кетүүнүн бир нече жолу бар. Учурда Ак-Кула ат майданынын жанында убактылуу автобекет иштеп жатат.
Убактылуу автобекеттер ар башка локацияда жайгашкан. Маселен, Ош же Жалал-Абадга барууну көздөсөңүз, ал үчүн ат майдандын жанында жайгашкан автобекетке барышыңыз керек. 

Биз автобекетке келгенибизде ат майданда улуттук оюн ойнолуп жаткандыктан, айланасында унаалар жык-жыйма экен. Ал эми жүргүнчүлөрдү бир нече автобус гана күтүп туруптур. Убактылуу автобекеттен Ош, Жалал-Абад, Баткен, Таласка барууга болот. Бул жерден 2 миң 200 сомго Ташкентке автобус менен сапар алса болот.

Убактылуу автовокзалга №18 жана 40-автобустар кетет. Жол акысы накталай 20 сом, электрондук төлөм 17 сом. Бул жерден Алма-Ата менен Айланма жолдун кесилишине жакын жайгашкан Бишкек автовокзалына жетүүгө болот.

Автобекетке өз убагында жетүү үчүн жол тыгынын эске алуу керек. Ал жакка жетүү үчүн бир сааттан ашык убакыт талап кылынат жана биз ал жакка барганыбызда караңгы кирип калган, эл көп экен.

Автобекетте автобустарга билет сатып ала турган касса бар, мисалы, Алматыга автобус менен барууга болот. Бул жерде айдоочуларды текшерген нарколог да иштейт, ошондой эле наристеси бар энелер үчүн да атайын бөлмө ачылган. Биз барганда автобекетте эл көп экен. Жүргүнчүлөрдү жеке кичи автобустар күтүп турду. 

Бул жерден Ысык-Көлгө жана Нарынга барууга болот. Баса, Караколго 500 сомдон кетүүгө болот. Ошондой эле, каалагандар такси кызматын да колдоно алышат. 


Тектеш материалды окуу

  • Валюталык пайданын алтын доору аяктады: банктардын кирешеси 2 млрд сомго кыскарды

    Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда
    2025-15-09 06:53:03
  • Банк секторунун кирешеси үч ири оюнчунун ортосунда топтолду

    Июль айында Кыргызстандын банктарынын таза кирешеси 18,86 миллиард сомду түздү. Сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 492,5 млн сомго көбөйгөн. Бирок кирешенин негизги бөлүгү үч банк – “Айыл Банк”, “Мбанк” жана “Элдик Банкта” топтолгон
    2025-25-08 03:19:42
  • Кыргыз банктарына киберкоопсуздук жетишпейт: ар бир экинчи сайт хакердик чабуулга алсыз

    Кыргызстандын банк секторунун санариптик абалына “жарака кетти”. Digital Resilience Association (DRA) жана TSARKA Kyrgyzstan тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, өлкөдөгү банктар менен микрофинансылык уюмдардын дээрлик жарымынын веб-сайттарында коопсуздуктун тынчсыздандырган деңгээли аныкталган
    2025-03-07 05:51:21
  • Кыргызстандагы банктар акча алмаштыруучу жайга айлануудабы?

    Акыркы беш жылда валюталык операциялар Кыргызстандын банктары үчүн негизги киреше булактарынын бирине айланды. Эгерде 2019-жылы алар банк системасынын жалпы кирешесинин болгону 4% тегерегин түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 12.07%ке чейин өсүп, 33.3 миллиард сомду түздү. Чет өлкөлүк валюта менен операциялардан түшкөн киреше 19 эседен ашык көбөйдү.
    2025-18-06 06:34:01