Жарыяланган
2025-15-09, 12:53Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда.
2022-жылдан бери Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал башталгандан кийин аймактын валюта рыногу “бороонго” туш болду. Батыштын санкциялык саясаты рублдин курсунун кескин өзгөрүшүнө алып келип, кыргыз банктары алмашуу операцияларынан миллиарддаган киреше ала башташты. Белгисиздиктин шартында валюта курсунун кирешеси алардын көбүн рекорддук пайда менен камсыз кылган.
2024-жылы “Мбанк” чет элдик валютада 5,5 миллиард сомдон ашык киреше алып, абсолюттук лидер болду. Бирок бул жылы валютадан кирешеси эң азайган каржы институттарынын катарына кирди. Аталган банктын бул категориядагы кирешеси 2,5 миллиарддан ашык же 1,8 эсе азайган.
"Мбанктан" кийин кызыл зонага “Айыл Банк” (-558,6 миллион сом) жана “Элдик Банк” (-188,4 миллион сом) кирди. Төмөндөө ошондой эле “Кыргызкоммерцбанк” (-162,8 млн.), “Бакай Банк” (-135,9 млн.), “Азия Банкы” (-85,2 млн) жана башкалар боюнча катталган.
Бир чети валюталык операциялардан түшкөн пайданын азайышы валюта рынокторунун акырындык менен турукташтырылышы жана рыноктун дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга ыңгайлашуусунан улам кескин өзгөрүүлөрдүн азайышы менен шартталган.
Мындан тышкары, олуттуу роль ойногон жагдайлардын бири — Улуттун банктын көзөмөлдү катаалдаштырган саясаты жана бийликтин бардык рублдик операцияларды мамлекеттик “Капитал Банкка” өткөрүү тууралуу чечими болду. Бул банк 2025-жылдын апрель айынан тарта Орусияга которуулар үчүн эсептешүүчү банк болуп калды. Ал аркылуу эми айына бир кардарга 3 миллион рублден ашкан ири операциялар, ошондой эле жеке адамдардын которуулары гана эмес, компаниялардын да бүтүмдөрү жүргүзүлүп жатат.
Банктын өзү үчүн бул туруктуу валюталык кирешенин булагы болуп саналат, анткени бул рубль менен алмашуу операциялары, статистика боюнча банктарга валюталык пайданын негизги үлүшүн алып келген. Түшүнүктүү болушу үчүн мисал келтирсек: быйылкы жылдын экинчи кварталында өлкөгө ар кандай валюталарда жалпы 82 миллиард сомго барабар каражат которулган, алардын ичинен 80%дан ашыгы же 64,3 миллиардын рубль түзгөн (+59,6%).
Ошол эле учурда Кыргызстанда рубль менен иштей ала турган бардык банктар санкцияга кабылды. Алсак, ушул жылдын январь айында АКШ “Керемет банкка” каршы санкция киргизсе, 20-августта Улуу Британия “Капитал банкты” санкциялык тизмеге кошкон.
Санкциялык тизмеге кире электе эле, апрель-июль айларынын аралыгында, “Капитал Банк” бийликтин чечиминен олуттуу пайда көрүп үлгүрдү. Ал валюта операцияларынан түшкөн кирешесин көбөйткөн банктардын үчтүгүнө кирип, кошумча 211,4 миллион сом тапты. Бирок рейтингдин башына “Оптима Банк” чыкты — анын валюта операцияларынан түшкөн кирешеси дээрлик 700 миллион сомго өскөн. Экинчи орунда —“Евразиялык Сактык Банкы” турат, ал бул багытта 337,5 миллион сом киреше тапкан.