Akchabarsearch
Ипотека:  Банктар сунуштаган пайыздык чендерди, мөөнөттөрүн жана шарттарын салыштырабыз

Ипотека: Банктар сунуштаган пайыздык чендерди, мөөнөттөрүн жана шарттарын салыштырабыз

Кыргызстанда акыркы жылдары турак жайга болгон талап кескин өсүүдө. Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын маалыматы боюнча, 10 айда Бишкекте жер тамдардын баасы 30%, батирлердики 20%га өстү.  Ал эми Ош шаарында болсо жер тамдардын баасы 26%га, батирлердин баасы 20%га жогорулады. Ошол эле учурда өз үйүнө жетүүнү каалаган адамдардын саны көбөйүүдө. Бирок батирди же үйдү дароо сатып алууга көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ушундан улам ипотека —  турак жайга жетүүнүн эң реалдуу жана кеңири тараган жолу болуп калды. Бүгүнкү күндө банктар ар кандай программаларды сунушташууда. Мындан улам “Акчабар” Кыргызстандагы ипотеканын учурдагы абалы, мамлекеттик ипотеканын жана банктардагы ипотекалык программалардын шарттарын карап чыкты.

Мамлекеттик ипотеканын шарттары кандай?

Мамлекеттик ипотека программасы ушул убакка чейин 13 миңден ашык үй-бүлөнү турак жай менен камсыздаган. Турак жай алуу үчүн кезек күткөндөрдүн саны 73 миң 256ны түзөт. Шарттары боюнча айта турган болсок, бул программага катышуу үчүн жалпы 2 жылдан кем эмес эмгек стажың же ошол уюмда 1 жылдан кем эмес иштеген болушуң керек. Ошону менен катар эле өзүңдүн, жубайыңдын жана балдарыңдын атына жазылган турак жай болбошу шарт. “Менин үйүм – 2021-2026” программасынын алкагында “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Арзан ипотека” багыттары бар.

Социалдык ипотеканын алкагында үйдү башкы төлөмсүз, 4% менен 25 жылга алса болот. Бул багытта батирди беш же андан көп баласы барлар, “Баатыр энелер”, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аны багып жаткандар, алардын расмий камкорчулары, балдарын жалгыз чоңойткон жарандар, балдары бар жесирлер, айыл жергесинде иштеген жана экономикалык, ишкердик ишти жүргүзгөн 35 жашка чейинки жаш адистер ала алат.

Жеңилдетилген ипотека дагы ушул эле шарт менен мамлекеттик, муниципалдык уюмдарнын кызматкерлерине берилет. 

Арзан ипотека жеке ишкана-мекемелерде эмгектенген жарандар үчүн каралган. Мында ипотеканы 25 жылга 8% менен алса болот.   

Мындан тышкары турак жайдын 50% акчасын төлөп, 15 жылга 8% менен дагы батир алса болот. Ушул жол менен батир алам деген жарандын, жубайынын жана балдарынын атына катталган турак жайы болбошу зарыл. Жарым акчасын төгүп, батир алгандар өзүнчө кезекке турушат. 

Банктардагы ипотекалык насыянын пайыздык чени

Ипотека алууда пайыздык чен негизги факторлордун бири болуп эсептелет. Ал кредиттин баасын аныктайт жана ал кардардын ай сайын төлөгөн суммасын түзүүдө түздөн-түз таасир этет.  

“Кыргызкоммерцбанк” сом менен 21%, ал эми доллар менен 15% менен ипотека берет. “Мбанкта” пайыздык чен боюнча 2026-жылдын 15-январына чейин акция жүрүп жатат. Анда кардар насыянын 36 айын 18% менен, 37-айдан ашканын 20% менен төлөйт. “Оптима Банктыкы” үстөгү сом менен 21%, доллар менен 17%ды түзөт. “КСБ коммерциялык банкында” дагы жыл аягына чейин акция жүрүүдө. Анда алгачкы 3 жыл үчүн 18%, андан кийин 21% каралган. “Борбордук Азиялык капитал банкынын” сайтында ипотекалык насыя 16% менен берилери көрсөтүлгөн. “Толубай банкында” 17%дан 21%га чейин берилет. Ал эми «Элдик банкта» турак жайдын баштапкы төгүмүнүн 30% акчасы төлөнсө, пайыздык чен – 16%, андан аз болсо 18% болот. 

“Демир банкындагы” стандарттык ипотека 19%, “Дос-Кредобанкта” 18% менен сунушталат. “ЭкоИсламикБанктын” сайтында сатып алына турган үйдөн башка кыймылсыз мүлктү күрөө катары койсоңуз же 30% баштапкы төгүмдү төлөсөңүз, 0% менен ипотекалык насыя берилери жазылган. Ошону менен катар эле аталган банктын сайтында бериле турган суммага жараша пайыздык чен 11.2 %дан башталары көрсөтүлгөн. “Евразиялык сактык банкынын” пайыздык чени 20%ды түзөт. “Бакай банктагы” ипотеканын шарттарында алгачкы 4 жыл үчүн – 18%, андан кийинки 3 жыл – 19.5% жана кийинки жылдар 21% деп каралган.

“Кыргыз инвестициялык кредит банкынан” 19.5 % менен үй алууга болот. «Айыл банкта” баштапкы төлөмү 30%га чейин болсо – 18%, ал эми 30%дан жогору болсо – 16% менен берилет. “Керемет банктын” пайыздык чени 20%ды түзөт. “Бай-Түшүм” банкынын пайыздык чени 17%дан башталат. «ФинансКредитБанк» сом менен 22%, доллар менен 14% менен ипотека берет. 

Төлөө мөөнөтү кандай?

Өлкөдөгү банктарда ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү 3 айдан башталып 180 айга чейин жетет. Насыя ай сайын төлөнгөндүктөн, банктардагы төлөө мөөнөтү айлар менен көрсөтүлдү.

  • Кыргызкоммерцбанк” 3 айдан 60 айга чейин;
  • “Мбанк”, “Бай-Түшүм”, “Элдик Банк”, “Дос-Кредобанк”, “Айыл Банк”, “Бакай банк” 120 айга чейин; 
  • “Оптима банк” 12 айдан 60 айга чейин;
  • “КСБ коммерциялык банк” 3 айдан 120 айга чейин;
  • “Борбордук Азиялык капитал банк” 12 айдан 84 айга чейин;
  • “Толубай банк” 60 айдан 84 айга чейин;
  • “Демир Кыргыз эл аралык банк” 96 айга чейин;
  • “ЭкоИсламикБанк” 84 ай; 
  • “Евразиялык сактык банкы” 60 ай;
  • “Кыргыз инвестициялык кредит банкы” 12 айдан 120 айга чейин;
  • “ФинансКредитБанк” 180 ай; 
  • “Керемет банк” 180 ай;

Өтүнмө канча күндө каралат?

Ипотекалык насыя алуу үчүн өтүнмөнү карап чыгуунун мөөнөтү банкка жана анын ички процессине жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирок аталган банктардын сайттарында өтүнмө 3-5 иш күндүн ичинде каралат деп жазылган. 

Баштапкы төлөм 30%дан башталат

Аты аталган банктардын көпчүлүгүндө баштапкы төлөм сатып алына турган турак жайдын 30%ын түзөт. Ал эми баштапкы төлөм жок учурда кыймылсыз мүлк күрөө катары коюлат. “Евразиялык сактык банкында” 40%, “Бай-Түшүм” банкында 50% алгачкы төгүм каралган. 

Кандай документтер керектелет?

Ипотекалык насыя алуу үчүн негизинен жеке маалымат, каржылык абал, киреше булагы жана сатып ала турган мүлккө байланыштуу документтер талап кылынат. Ар бир банк өзүнүн талаптарына жана процессине жараша бул документтердин тизмесин өзгөртүшү мүмкүн. Жалпысынан алганда төмөнкү документтер керектелет:

  • Ипотекалык насыя алуучунун, жубайынын (бар болсо) жана кепилдик берүүчүнүн паспорту;
  • Нике күбөлүгү (бар болсо);
  • Жумуш ордунан кирешени тастыктаган маалымкат;
  • Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө документтер (каттоо күбөлүгү, укук белгилөөчү документ, чектөөлөрдүн/түйшүктөрдүн жоктугу жөнүндө маалымкат);

Банктар зарыл болгон учурда дагы документтер талап кылынарын эскертишет.

Ипотекалык насыя боюнча жалпы 21 банктын сайтын карап чыктык. Булардын катарындагы “Финка банкынын”,Компаньон банкынын”, “Азия банкынын” жана "О!Банкынын" сайтынан атайын ипотекалык насыянын бөлүмүн тапкан жокпуз. Аларда насыянын башка түрлөрү жазылган. 

Пайыздык чендер, насыянын мөөнөтү, талап кылынган документтердин айырмачылыктарын эске алуу менен ар бир кардар өзүнө эң ылайыктуу банкты тандай алат же “Мамлекеттик ипотекалык компаниядан” батир алса болот. Ипотека алардан мурда аны сунуштаган компания же банктардын шарттарынын күнгөй-тескейин изилдеп чыкканыңыз оң болот. 


Тектеш материалды окуу

  • Экология, адамдар жана башкаруу: «Айыл Банк» ESG принциптерин кантип ишке ашырат

    «Айыл Банк» ESG принциптерин ырааттуу түрдө ишке ашырып, туруктуу өнүгүүнү өзүнүн стратегиясынын жана коомдун, ошондой эле келечек муундардын алдындагы жоопкерчилигинин ажырагыс бөлүгү катары карайт. Банк үчүн бул бир жолку демилге эмес, айлана-чөйрөгө кам көрүүнү, адамдарды колдоону жана ачык-айкын корпоративдик башкарууну бириктирген узак мөөнөттүү жол болуп саналат
    2025-29-12 07:39:18
  • Региондордогу филиалдардан тарта санариптик сервистерге чейин: «Айыл Банк» кардарлардын ишенимин кантип арттырат?

    Кыргызстандын банк секторунда убакыт өткөн сайын жөн гана сандык көрсөткүч бойдон калбай, ишеним деңгээлин сактап, экономикалык жараяндарга катышууну жана региондордо да иштөөнү тынымсыз улантып жаткан жагдайлар бар. Ушул контекстте “Айыл Банк” көп жылдан бери өлкөдөгү эң туруктуу жана ири каржылык институттардын бири болуп келе жатат.
    2025-25-12 05:00:46
  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24