Akchabarsearch
Миллиардер аялдардын катары калыңдады: бүгүнкү күндө каржы дүйнөсүн ким башкарат?
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2025-13-02, 16:47

Миллиардер аялдардын катары калыңдады: бүгүнкү күндө каржы дүйнөсүн ким башкарат?

Ондогон жылдар мурун миллиардерлер клубу аялдар үчүн дээрлик жабык болчу. Бирок, акыркы жылдары дүйнөлүк байлыктын динамикасы өзгөрдү. Altrata изилдөө компаниясынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын аягында дүйнөдө миллиардерлердин саны 3 миң 323кө жеткен, анын 431и аялдар. Аялдар дагы эле азчылыкты түзсө да, бул тенденция финансылык элитанын структурасында узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.

Мурас жана ишкердик: аялдар кантип бай болушат?

Аял миллиардерлердин саны көбөйгөнүнө карабастан, алардын бир бөлүгү байлыкты мурас аркылуу энчилеген. Бул клубдагы аялдардын 75% дан ашыгы байлыгынын жок дегенде бир бөлүгүн мурас аркылуу алышкан, ал эми эркектер арасында бул үлүш үчтөн бир бөлүктү гана түзөт. Аял миллиардерлердин 38%, анын ичинде Франсуа Беттанкур Майерс, Элис Уолтон жана Жаклин Марс бар. Алардын статусу толугу менен үй-бүлөлүк байлык менен байланыштуу. 

Бирок, жыл сайын бул клубга өз алдынча байыган айымдар кошулууда. 2024-жылы алардын катарын рекорддук концерттик турдун аркасында биринчи жолу миллиард долларлык чекке жеткен Тейлор Свифт жана дүйнөнү багынткан Canva'нын негиздөөчүсү Мелани Перкинс толуктады. Ошондой эле, Киран Мазумдар-Шоу (биофармацевтика) жана Дайан Хендрикс дагы (курулуш) ишкердик аркылуу байыган. 

Кызыгы, нөлдөн баштап бай болгон аялдар, орто эсеп менен мураскорлорго караганда жаш. Өз күчү менен миллиардер болгон аялдардын орточо жашы 64, ал эми мураскор катары байыгандардын жашы 70тен ашат.

Көптөгөн миллиардерлер косметика, чекене соода жана фармацевтика тармагындагы үй-бүлөлүк холдингдерге ээ болсо, өз күчү менен ийгиликке жетишкендер көбүнчө каржы жана технология тармагында байыган. Ал эми эркек миллиардерлер арасында да ушул тармакта байыгандар үстөмдүк кылууда, бирок аялдар миллиардер болууда көбүрөөк тоскоолдуктарга туш болушат.

Аял миллиардерлер жана коомдук таасир

Эркек миллиардерлер бизнеске жана өнөр жайга инвестиция салса, аялдар филантропияга көбүрөөк басым жасашат. Altrata компаниясынын маалыматында, миллиардер аялдардын 20% убактысынын олуттуу бөлүгүн кайрымдуулук жана коомдук иштерге арнашат, бул эркектерге караганда төрт эсе көп.

Мунун себеби мураска алынган байлыктын ээлери өздөрүн дагы да коомго жоопкерчиликтүү сезиши мүмкүн. Миллиардер аялдар билимге, айлана-чөйрөгө, искусствого жана балдарга колдоо көрсөтүүгө өзгөчө кызыкдар болуп, аларды дүйнөлүк филантропиядагы маанилүү күчкө айландырышат.

Аял миллиардерлер коомдо активдүү болуу менен бирге байлыгын эркектерге караганда башкача сарпташат. Алар кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө инвестиция салууга 1,5 эсе жана искусствону сатып алууга 1,3 эсе көп акча жумшашат. Бул активдер өздөрүнүн статусун гана эмес, ошондой эле капиталды сактоо жана көбөйтүү куралы катары кызмат кылат. 


Тектеш материалды окуу

  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24
  • Кыргызстандагы жаңы «Алма Финанс Банктын» артында кытайлык бизнес-конгломерат турат

    Бишкекте “Алма Финанс Банк” ЖАК деп аталган жаңы каржы мекемеси каттоодон өттү. Улуттук банк анын түзүлүшүнө уруксат берди, бирок рынокко чыгыш үчүн банк жөнгө салуучудан лицензия алышы керек. Бир караганда, бул банк секторунун кадимки экспансиясы болуп көрүнөт.
    2025-17-09 14:00:44
  • Валюталык пайданын алтын доору аяктады: банктардын кирешеси 2 млрд сомго кыскарды

    Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда
    2025-15-09 06:53:03