Akchabarsearch
Евразиялык интеграция жаңы баскычта: Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн 10 жылдагы жыйынтыктары жана чакырыктары

Жарыяланган

2025-13-08, 22:40

Евразиялык интеграция жаңы баскычта: Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн 10 жылдагы жыйынтыктары жана чакырыктары

Ысык-Көлдө 13-августта VII кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында “Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргенине 10 жыл” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара ар кыл мамлекеттердин өкүлдөрүн, ишкер чөйрөнүн мүчөлөрүн, илимий жана эксперттик коомчулукту бириктирди. Бул союздун экономикалык жыйынтыктары боюнча корутундуларды чыгарып гана тим болбостон, анын мындан аркы интеграциясынын стратегиялык багыттарын аныктоо үчүн дагы аянтча түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Колдогу маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) расмий кирген 2014-жылдан бери өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү олуттуу өзгөрдү. Айрыкча, ИДП (Ички дүң продукция) ушул аралыкта дээрлик төрт эсеге өсүп, 2024-жылы 400 миллиард сомдон 1,5 триллион сомго жетти. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген түз чет элдик инвестициялар 2,8 эсеге көбөйдү, ал эми биримдикке болгон экспорт төрт эсеге өсүп, 1,7 миллиард долларга жетти.

Биримдиктеги өнөктөш өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүү 5,5 миллиард доллардан ашты, ал эми өнөр жай, агрардык сектор жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлордун үлүшү байкаларлык деңгээлде өстү. Бул өсүшкө өбөлгө болгон негизги инструменттердин бири КОӨФ (кыргыз-орус өнүктүрүү фонду) болуп саналат. Аталган фонд ушул аралыкта 3 миң 600дөн ашуун долбоорду 900 миллион доллардан көп суммага каржылады. Бул инвестициялар 33 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди.

Конференцияны ачып жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев алдыдагы жылдарда Кыргызстандын негизги артыкчылыктуу багыттары ЕАЭБдеги позициясын чыңдоо менен гана чектелбестен, биримдиктин санариптик мейкиндигин түзүүгө активдүү катышуу, технологиялык альянстарды өнүктүрүү жана туруктуу логистикалык чынжырларды түзүү болушу керек экенин белгиледи.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгон он жылдыгын жыйынтыктап жатып, конференциянын катышуучулары интеграциянын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири — кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүшү болгондугу тууралуу бир пикирге келишти. Белгиленгендей, бул фонддун негизги максаттары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, ошондой эле Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

10 жыл ичинде фонд өлкөнүн бардык аймактарын камтыган 3 миң 600дөн ашуун долбоорду каржылап, 900 миллион доллардан ашык инвестиция салды. Ошондой эле бул жылдар аралыгында интеграциялык процесстерде олуттуу жыйынтыктарга жетиштик. Бүгүн болсо биримдиктин алдында жаңы милдеттер турат, — деп белгиледи кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков.

Ошону менен катар эле конференцияда ЕАЭБ алдында турган негизги чакырыктар да айтылды. Алардын катарында: соодадагы алиге чейин сакталып жаткан тоскоолдуктар, өнөр жай кооперациясын күчөтүү зарылдыгы, биргелешкен инвестицияларды жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери белгиленди.

Бул тоскоолдуктардан арылуу биримдиктин өз потенциалын толук ишке ашырууга шарт түзөөрү белгиленди. Мындайча айтканда, Кыргызстан жана ЕАЭБдеги өнөктөштөрү чек араларда жасалма тоскоолдуктарды жоюшу керек деп эсептейт Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев.

“Өлкөлөр ортосунда товарларды өткөрүүдөгү тоскоолдуктар бизнеске зыян алып келип, биримдикке болгон ишенимди бузат. Биз бир тууган өлкөлөрбүз, ушундай көйгөйлөрдү жоюу керек. Алар кооперациянын өнүгүшүнө тоскоол болот, алсыз кооперация менен күчтүү биримдик куруу мүмкүн эмес, — деди Сариев.

Бүгүнкү күндө Евразиялык биримдик өзүнүн туруктуулугун гана тастыктап койбостон, дүйнөлүк экономикалык процесстердин толук укуктуу катышуучусуна айланганы белгиленди. Ошол эле учурда 2008-жылы бул аймактын алдыңкы өлкөлөрү интеграциялык платформа түзүү боюнча амбициялуу максатты өз мойнуна алышканда көптөр анын ийгилигине ишенбегени айтылды. КМШ алкагында интеграциянын узакка созулган стагнациясы ийгиликке болгон шек саноолорду гана күчөтүп келген.

“Бул процесс ийгиликтүү болот деп аз киши ишенген. Ошондо интеграция ар кандай ылдамдыкта жүрөт деген саясий чечим кабыл алынган. Үч өлкө бөлүнүп чыгып, үч жыл ичинде бажы союзу түзүлгөн”, — деди КМШнын мамлекеттик катчысы Сергей Глазьев.

Адистер белгилегендей, республика биримдикке толук кандуу интеграцияланууга жөндөмдүү болот деген олуттуу шек саноолор бар эле, анткени анын өнөктөштөрү бир топ масштабдуу жана ийгиликтүү экономикага ээ болчу. Бирок ушул чакырык өнүгүү үчүн күчтүү стимулга айланды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан биримдиктеги бир катар көрсөткүчтөр боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүдө.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42
  • Ирандагы жаңжал Кыргызстандагы айдоо ишине кандай таасир этүүдө?

    Жаз мезгили жер ойгонуп, аны менен кошо жылдын эң негизги эмгеги башталган учур. Талааларда келечектеги түшүмдүн негизи түптөлөт жана жер семирткичтер канчалык өз убагында жана туура берилгенине жараша бир гана өзүнчө чарбанын кирешеси эмес, бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да көз каранды болот
    2026-03-04 11:40:54
  • Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

    Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады
    2026-26-03 05:52:15
  • Кыргызстанда жумуш орундар бар, бирок тажрыйбасы жок жаштар кантип ишке орношо алат?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
    2026-27-02 05:20:13