Akchabarsearch
Европа менен Кытай курсун көтөрүүдө: сом бир күндө еврого карата 4% арзандады
Сүрөт алынган жер: DALL·E

Жарыяланган

2025-12-04, 11:37

Европа менен Кытай курсун көтөрүүдө: сом бир күндө еврого карата 4% арзандады

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда евронун курсу 3,49%га жогорулап, бардык валюталар арасындагы эң кескин секирик болду. Мунун себеби Европанын акча-кредит саясатында гана эмес, геоэкономикалык өзгөрүүлөрдө да жатат: АКШ жаңы импорттук пошлиналарды киргизди, Кытай экспортту Европага багыттоодо, эсептешүүлөрдү евро менен талап кылуу барган сайын көбөйүүдө. Кыргызстан бул процесстердин кесилишинде, потенциалдуу пайдалары менен ошондой эле туруксуздуктун жогорку деңгээлинде турат.

Бул соода конфронтациясынын биринчи таасири кыргыз элине эбак эле тийген. Алсак, Улуттук банктын 12-апрелге карата жаңыланган курсуна ылайык, сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык негизги валюталарына карата алсызданды. Эң байкалган өзгөрүү евронун курсунун 96,5186 сомдон 99,8898 сомго чейин көтөрүлүшү болду. Бир күндө 3,49% өсүш. Бул бардык валюта жуптарындагы эң чоң өзгөрүү.

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, мындай динамика ички факторлор менен эмес, эл аралык соодадагы глобалдык өзгөрүүлөр жана логистикалык агымдардын өзгөрүшү менен байланыштуу.

Кытай векторун өзгөрттү — Европа евро эсептешүүлөрдү талап кылууда

АКШ менен Кытайдын ортосундагы тарифтердин жана соода чектөөлөрүнүн шартында, Трамп тизмедеги көпчүлүк өлкөлөргө пошлинаны 90 күнгө токтотту, бирок Кытай үчүн аларды 54%дан 145% га чейин көтөрдү, ал эми Кытай америкалык товарларга пошлинаны 125% га көтөрүү менен жооп берди. Натыйжада дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосундагы сооданын көлөмү азаюуда.

Мындай шарттарда Кытай өзүнүн товарларын жагымдуу арзандатуу менен сунуштап, Европага экспорттук агымдарды жигердүү түрдө өзгөртө баштады. Бирок европалык өнөктөштөр эсептешүүлөрдү евро менен жүргүзүүнү талап кылууда, бул европалык валютага суроо-талапты күчөтүүдө.

"Кытай көп жылдар бою юандын курсун кармап келет – бул ата мекендик өндүрүштү стимулдап, экспортту мүмкүн болушунча атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Натыйжада, кытай товарлары дүйнө жүзүндөгү рынокторду ийгиликтүү ээлеп жатат. Азыр АКШ анча жеткиликтүү эмес рынокко айланып жаткандыктан, Европа алдыңкы планга чыгып жатат - аны менен бирге евронун ролу өсүп жатат", - деп түшүндүрдү эксперт.

Финансы рыноктору алдын ала реакция кылат

Анын айтымында, дүйнөлүк биржалар евронун баасына Кытайдын Европага экспорттук жеткирүүлөрүнүн өсүшүн күткөн, бул валюта жуптарындагы курстарга, анын ичинде форекс базарларындагы курстарга да таасирин тийгизген.

"Кытай, Өзбекстан, Грузия жана башка өлкөлөр аркылуу логистикалык экспансия боюнча күтүүлөр еврого кошумча түрткү берет. Соода агымы бул багыттар боюнча жүрүшү мүмкүн жана бул европалык валютага гана эмес, транзиттик өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да оң таасирин тийгизет", - деп кошумчалады Шаршеев.

Кыргызстан: пайда жана тобокелдиктер

Эксперт азыркы кырдаал Кыргызстан үчүн жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ошондой эле кээ бир импорттук товарлардын баасын төмөндөтүшү мүмкүн экенин, өзгөчө жаңы логистикалык коридорлорду жана чийки зат менен камсыз кылууну түзүүдөгү жагдайды баса белгилейт.

Бирок тенденциянын туруктуулугуна ашыкча ишенбөөнү эскертет.

"Дүйнөлүк экономикалык саясат өтө туруксуз. Качан болбосун, мисалы, АКШ тарифтерди алып салышы мүмкүн, андан кийин соода агымы кайра артка жылышы мүмкүн. Туруксуздук жогору болуп, трейдерлер андан киреше табат, инсайдердик маалыматтардан да, алып-сатарлык секириктерден да. "Негизи бул жаңы стабилдүүлүк – туруксуздук”, - деп сөзүн жыйынтыктады Искендер Шаршеев.


Тектеш материалды окуу

  • Алтындан түшкөн киреше: «Жерүй» Кыргызстан менен Талас облусунун экономикасына кандай таасир этет

    Дээрлик 60 млрд сом салык, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө 3,5 млрд сомдон ашык каражат жана Талас облусунун тургундары үчүн жүздөгөн жумуш орундары. Мунун баары — Кыргызстандагы ири алтын кен ишканаларынын биринин ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү. «Жерүй» өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет жана анын ишмердүүлүгүнөн аймак кандай пайда көрөт?
    2026-21-10 09:57:07
  • Шакира жана ыкчам рынок: бир концерт Кыргызстанда жаңы суроо-талапты кантип жаратат?

    Колумбиялык ырчы Шакиранын Кыргызстанда өтө турган концертине билет сатыла электе эле кызыгуу экономикалык суроо-талапты жарата баштады. Социалдык тармактарда билеттерди чогуу алуу үчүн топтор түзүлүп, коңшу өлкөлөрдөн Бишкекке келүү, мейманкана жана транспорт кызматтарына суроо-талап тууралуу талкуулар күчөдү
    2026-01-10 07:44:45
  • «Золотая Коронага» тыюу салынган жок. Бирок банктар үчүн аны менен иштөө тобокелдүү болууда

    “Золотая Корона” акча которуу системасына Кыргызстанда толугу менен тыюу салынган жок. 17-сентябрда Улуттук банк системаны эл аралык электрондук акча системасы катары каттоону жокко чыгарган. Бирок бул чечим оператордун “Платежный центр” банктык эмес эсептешүүчү кредиттик уюмунун өзүнүн арызынын негизинде кабыл алынган
    2026-23-09 05:21:32
  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42