Akchabarsearch
Учурда кыргыз экспортунун абалы кандай?

Жарыяланган

2025-16-01, 15:17

Учурда кыргыз экспортунун абалы кандай?

Азыркы тапта Кыргызстандын экспорту оор мезгилди баштан өткөрүүдө. Алсак, буга 2020-жылдан бери COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк рынокту кыйроого учуратканы, 2021-жылы Кыргызстандын алтынынын негизги рыногу убактылуу токтотулганы, 2022-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактын күчөшү сыяктуу окуялар себеп болду. Мындан улам логистика үзгүлтүккө учурап, Кыргызстан кыйынчылыктарга туш болду, ошондой эле бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келди. 

2020-жылы Covid- 19 пандемиясы тышкы сооданы дээрлик токтотту. Локдаун, логистикалык үзгүлтүктөр жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын кыскарышы экспорттук жана импорттук операциялардын кескин кыскарышына алып келди. Бирок, 2021-жылы экономика калыбына келе баштады, тышкы сооданын көлөмү 46,2%га өсүп, 8,3 млрд долларды түздү, бул дүйнөлүк жеткирүү түйүндөрүнүн жанданганы менен мүмкүн болду. 

Бирок “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу процесси кыргыз алтынынын негизги сатып алуучулары – Улуу Британия жана Швейцария менен болгон соода мамилелерине сокку урду. Бул ишенимдүү жеткирүүчүнүн статусун жоготууга алып келди жана баалуу металлдарды экспорттоону татаалдаштырды.

2022-жыл өлкө үчүн дагы бир татаал этап болуп калды. Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдан улам геосаясий кризис Кыргызстандын соода жолдорун жана экспорттук түзүмүн өзгөрттү. Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 44,7%га өскөнүнө карабастан, экспорт 18,07%га кыскарды. Орусия менен соода жүгүртүү тескерисинче 2,7 эсеге өскөн. Бирок Кытайга, Италияга жана Украинага жеткирүүлөр кыйла азайып, бул жалпы баланска таасирин тийгизди.

2023-жылы кырдаал өзгөрө баштады. Кыргызстан алтынды ишенимдүү жеткирүүчү статусун калыбына келтирди, бул үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Швейцарияга жана Бириккен Араб Эмираттарына жеткирүүнүн олуттуу өсүшүнө алып келди. Кыргызстандын алтынын жеткирүү 177,4%га жогорулап, рублдин өзгөрмөлүүлүгүнөн сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткен Орусия менен текстиль жана бут кийим соодасынын төмөндөшүнүн ордун толтурду. Мындан тышкары, Беларусь жана Казакстан менен соода оң динамикасын көрсөттү, бул экспорттук агымдардын диверсификацияланганын көрсөтөт.

Өз кезегинде 2024-жыл экспортерлордун күнүмдүк жашоосуна эч кандай жаңы чакырыктарды алып келген жок. Тогуз айдын ичинде экспорт 25,2%га өстү. Чет өлкөгө алтынды сатуу 1 миллиард доллардан ашты (сандык мааниде карасак, өсүш 7,4%ды гана түзөт, демек, бул динамика негизинен алтынга дүйнөлүк баанын өсүшүнүн эсебинен жетишилди. — Автордун эскертүүсү) жана албетте, негизги бөлүгүн Улуу Британия сатып алган.

Ошол эле учурда, Орусия менен соода-сатык, санкцияларга карабастан 57% өскөн. Бирок бул багытта келерки жылга кандайдыр бир божомол айтуу кыйын, анткени Батыштын Орусияга жана анын өнөктөштөрүнө карата санкциялык саясаты күчөп жатат.

Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандын экспорту туруктуулукту жана дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз. 2025-жыл бизди күтүп турган глобалдык туруксуздуктун жана чакырыктардын шарттарында Кыргызстан мындай темпти качанкыга чейин сактай алат деген гана суроо турат.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстандагы жумушсуздук: себептер, кесепеттер жана чечүү жолдору

    Өлкөдөгү жумушсуздук – социалдык жана экономикалык көйгөй. Ал адамдын жашоосуна гана эмес, бүтүндөй коомго терс таасирин тийгизип, көптөгөн тармактарда өнүгүүнүн жолдорун жабат.
    2025-12-12 08:32:48
  • Транспорттук коридорлор: инфраструктураны жакшыртуу жана коопсуздукту күчөтүү

    Кыргызстандын Бишкек - Ош унаа жолунда машинелер токтобой каттап, бир мүнөткө да тыным албайт. Бул трасса өлкөдөгү негизги, стратегиялык маанидеги транспорттук коридорлордун бири. Модернизациядан кийин аймактагы логистика жакшырды, бул сооданы бир кыйла жеңилдетип, Бишкек менен Кара-Балтанын ортосундагы каттамды мурдагыдан да жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылды
    2025-03-12 08:05:21
  • Кыргыз мунайы кайда кетип жатат? Эмнеге өлкө импортко көз каранды бойдон калууда?

    Кыргызстан чет өлкөлөргө мунай продуктуларын жеткирүүнү көбөйтүүдө, бирок өзүнүн муктаждыгын толук камсыздай албай келет. Экспорттун өсүшүнө байланышкан сандар жөнөкөй чындыкты жашырат - экспорттолгон күйүүчү майдын көпчүлүгү кыргызстандык эмес, коңшу өлкөлөрдөн реэкспорттолот. Ошол эле учурда Кыргызстанда бир нече мунай иштетүүчү заводдор бар, анын ичинде ата мекендик мунай ишканасы да бар
    2025-07-11 09:58:52
  • Орусияда бензин кризиси кайрадан кайталанууда: Баалардын өсүшү жана жеткирүүнүн чектелиши

    Орусиянын май куюу жайларында баалар өсүп, айрым аймактарда бензин тартыштыгы тууралуу кабарлар чыгып жаткан учурда, Кыргызстандагы мунай продуктуларынын рыногунда да туруксуздук байкалууда. Бизде күйүүчү-майлоочу материал боюнча абал курч экени, запас бир айга жетпей турганы жана баалар 15% га кымбатташы мүмкүн экени кабарланууда
    2025-23-10 10:33:13