Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-03-10, 12:20

Керектөөчүлөр эң көп контрафакттык телефондор боюнча арызданышат — Антимонополия кызматы

Күнүмдүк турмушта жарандар күн сайын кайсы бир товарды сатып алат. Бул товарлар жеке гигиеналык каражаттардан тарта кийим-кече, курулуш материалдары, тиричилик буюмдары ж.б болушу мүмкүн. Өлкө мыйзамында товарды сатып алуу жана сатууда керектөөчүлөрдүн укуктары каралган. Бирок, көп учурда жарандар укуктарын билбегендиктен, сапатсыз товарды кайра сатуучуга кайтара албай калган учурлар арбын. 

“Акчабар” Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан  Батырканов менен керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча баарлашты. 

— Керектөөчүлөр эң көп кандай маселе менен кайрылат? 

Жыл башынан бери биздин бөлүмгө 400 керектөөчү арыз менен кайрылды. Азыркы учурда эң көп бизге сапаты начар товарлар боюнча кайрылышууда. Сапаты начар телефон, муздаткыч, телевизор сыяктуу товарлар боюнча кайрылышат. Кээ бир керектөөчүлөр супермаркетте көрсөтүлгөн баалар менен товардын кассадагы баасы туура келбей калышы боюнча кайрылат.  Ошондой эле, куралган, кутусу сатылып алынган, ички түзүлүшү Кытайдан, же башка жактан чогултулуп сатылган телефондорго байланыштуу арыздар түшөт. 

— Айып пул кандай учурда салынат жана суммасы канча? 

Биринчи бизге арыз түшкөндө, биз керектөөчүдөн бардык тастыктоочу документтерди сурайбыз. Тастыктоочу документтердин негизинде карап, эгер чындап эле укук бузуулар болсо, эки тарапты чакырабыз. Териштирүү иштери жүрөт, анын негизинде комиссия түзүлөт. Комиссияда жетекчилик болот, ал чечим кабыл алат. Бул учурда сатуучуга эскертүү берилиши же кардар менен сатуучу көйгөйдү ич ара бүтүрүп алышы мүмкүн. Эскертүүнүн мөөнөтү 30 күн. Эгерде 30 күндүн ичинде биз берген эскертүү аткарылбаса, КРнын Укук бузуулар кодексинин негизинде айып пул салабыз. Эскертүүнүн негизиндеги айып пулдун суммасы 17 миң сом. Ар бир берененин өзүнүн суммасы бар.

— Товар жараксыз чыгып калса, канча күндө товарды  кайтаруу керек?  

Эгерде товардын сапаты начар болуп, же заводдон  сапаты начар болуп чыккандыгы аныкталса, 14 күндүн ичинде кайтарылышы керек. Эгер оор техникалык товар болсо, бизге кайрылса биз экспертизага жөнөтөбүз. Экспертизанын жыйынтыгында товардын сапаты начар экендиги аныкталса, дароо алмаштырылып берилиши керек же акчасы кайтарылып берилиши керек. Керектөөчүлөрдө ар кандай талаптар болуп калат, мисалы акчасын бергиле же товарды алмаштырып бергиле дейт. Ошонун негизинде биз сатуучуну чакырабыз, ал акчасын бергенге даярмын же товарды алмаштырганга даярмын деши мүмкүн. Эгерде сатып алынган товар кепилдик мөөнөтүнөн мурда бузулса, товарды кайтарса болот. Биринчи сатуучуга кайрылат, эгер өз ара чече алышпаса, анда Монополияга каршы күрөүү кызматынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө кайрыла алышат. Биз арыздын негизинде ишти алып барабыз. 

— Кайсы учурда сатуучу кардарга товарды алмаштырбай коюуга укуктуу?

Биз керектөөчүнүн да, сатуучунун да укугун коргойбуз. Ошол себептен экспертиза деп жатпайпызбы. Экспертизага жөнөтөбүз, анткени экспертизанын жыйынтыгында сапатсыз болгондугу, же кийим-кечектер болсо кийилген-кийилбегендиги аныкталат. Мындай учурда керектөөчүнүн арызы канааттандырылбайт, өзүнө кайтарылат. 

— Кандай товарлар кайра кайтарылбайт? 

Бул боюнча Министрлер кабинетинин атайын тескемеси бар. Ошол тескемеде бардыгы жазылган. Алар баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.)  буюмдары, териден тигилген кийимдер, парфюмердик-косметикалык каражаттар, синтетикалык жуучу каражаттар, ич кийимдер, жаңы төрөлгөн балдар жана жаш балдар үчүн ич кийимдер, байпак, колкаптар, протездик-ортопедиялык буюмдар, канцелярдык товарлар, жеке гигиеналык каражаттар, эмеректер, медициалык аппараттар,   мезгилдик эмес басылмалар, үрөн, жаныбарлардын тоюту, кулакчындар, тамеки продукциялары, өлчөнүүчү буюмдар (кездеме, тюль ж.б), кабелдик продукциялар, курулушка керектелүүчү линолеум ж.б

— Маданий иш-чаралардын билети сатылып, концерт же спектакль өтпөй калса кандай чара көрүлөт? 

Мындай маселе боюнча да бизге керектөөчүлөр кайрылышат. Мыйзамда керектөөчү көрсөтүлгөн кызматы үчүн гана акы төлөйт деп жазылган. Эгер концерт болбой калып, керектөөчү бизге арыз менен кайрылса, биз эки тарапты чакырабыз. Бизде бул боюнча отурум өтөт, биз эскертүү гана беребиз. Эгер эскертүүнү аткарбаса, айып пул салабыз. Эгер эки тарап маселени өз ич ара бөлүшөбүз десе да, керектөөчү бизге арыз-доом жок деп кайрылат. 

— Дистанттык сатып алууда товарды кайтарып берсе болобу?  

Дистанттык сатып алууда товар жараксыз болуп калса, керектөөчүлөр тастыктоочу документтери менен арыз жазышы керек. Эгер товар кардарга жакпай калса, сапаты начар болсо беш күндүн ичинде артка кайтарышы керек. Сатуучу дагы акчасын кайтарып бериши керек. Эгер акчасын кайтарып бербей жаткан болсо, бизге арыз менен кайрылса болот. Дистанттык түрдө буйрутма берип жатканда кардар бардык келишимдерди окушу керек. Товар канча күндө келет,канча күндүн ичинде товарды кайтарууга болот ж.б 

— Базардан алынган товарларды кайтарууга болот? 

Биз дайыма базарларга чыгып түшүндүрмө иштерин жүргүзүп турабыз. Кепилдик кагазын, сатуучунун кандайдыр бир документин суроо керек. Кепилдик кагазы сөзсүз болушу керек. Базарбы, супермаркетпи бизге айырмасы жок. Бизге кандай жаран кайрылса, мыйзам чегинде жардам беребиз. 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42
  • Ирандагы жаңжал Кыргызстандагы айдоо ишине кандай таасир этүүдө?

    Жаз мезгили жер ойгонуп, аны менен кошо жылдын эң негизги эмгеги башталган учур. Талааларда келечектеги түшүмдүн негизи түптөлөт жана жер семирткичтер канчалык өз убагында жана туура берилгенине жараша бир гана өзүнчө чарбанын кирешеси эмес, бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да көз каранды болот
    2026-03-04 11:40:54
  • Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

    Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады
    2026-26-03 05:52:15
  • Кыргызстанда жумуш орундар бар, бирок тажрыйбасы жок жаштар кантип ишке орношо алат?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
    2026-27-02 05:20:13