
Жарыяланган
2025-12-12, 14:32Өлкөдөгү жумушсуздук – социалдык жана экономикалык көйгөй. Ал адамдын жашоосуна гана эмес, бүтүндөй коомго терс таасирин тийгизип, көптөгөн тармактарда өнүгүүнүн жолдорун жабат. Жумушсуздуктун негизги себептери ар түрдүү болушу мүмкүн. “Акчабар” алдыда жумушсуздуктун себептерин, анын коомго жана экономиканы өнүктүрүүгө болгон таасирин, ошондой эле жумушсуздукту азайтуу үчүн мүмкүн болгон чечимдер тууралуу сөз кылат.
Жумушсуздуктун себептери
Башында белгиленгендей жумушсуздуктун ар кандай себептери болушу мүмкүн. Анын ичинде экономикалык факторлор, билимдин жетишсиздиги, калк санынын өсүшү, сезондордун таасири болушу ыктымал.
Эмгек министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекованын айтымында, расмий жумушсуз деп каттоодо тургандардын 80 пайызынын кесиптик билими жок.

“Жумушсуздуктун негизги себептеринин бири бул эмгек рыногундагы суроо-талаптын дал келбөөсү. Тилекке каршы, анализ кылып караганда бизде каттоодо тургандын көпчүлүк бөлүгүнүн кесиптик билими жок. Алар – мектепте 9-класс же 11-класс окугандар. Ошол себептен биз аларды эмгек рыногуна талап кылынган кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү курстарды акысыз окутабыз”, - дейт ал.
Ошону менен бирге Туркебекова белгилегендей, айрым тармактардагы айлык маянанын аздыгы, жумуш шарттарынын жоктугу да жумушсуздуктун себептеринин бири болуп эсептелет.
Ал эми экономист Кубан Чороев жумушсуздуктун 4 себебин атады.
“Биринчиси, экономиканын структуралык маселелери болуп эсептелет. Негизинен айыл чарба жана кен өнөр жайына байланыштуу тармактарда жумуш орундарынын саны чектелүү. Экинчиден, жаштардын жумушсуздугу болуп калат. Жаштардын көпчүлүгү жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин иш таба албайт. Анткени тажрыйба жетишсиздиги бар. Үчүнчүдөн, демографиялык басым. Жумушсуз адамдардын санына караганда жумуш орундарынын өсүшү жай. Төртүнчүсү, өнөр жайынын жетишсиз өнүгүшү. Өндүрүштүк жана тейлөө секторлорунун потенциалы толук пайдаланылбайт”, - дейт Чороев.
Жогорку билимдүү адамдардын жумушсуздугунун себеби
Кубан Чороевдин билдиргендей, практикалык тажрыйбанын жетишсиздигинин, жогорку билимдүү адамдар үчүн жумуш орундарынын аздыгынын натыйжасында алар иш табууда кыйналат.
“Мындай маселени чечүү үчүн университеттер менен ишканалардын өнөктөштүгү керек. Стажировка жана менторлук программаларды өнүктүрүү, жаштарга иш тажрыйбасын өнүктүрүүгө жардам берүү шарт. Ошону менен катар эле жеке ишкерликке жардамдашуу зарыл. Мындан тышкары, билим берүү системасын жаңылап, заманбап кесиптерге багыттоо керек”, - деди экономист.

Кыргызстандагы жумушсуздуктун динамикасы
Евразия экономикалык комиссиясынын статистикалык маалыматы боюнча, 5 жыл ичинде Кыргызстанда расмий жумушсуздардын саны 36 миң адамга азайган. 2020-жылы алардын саны 78,7 миң болсо, быйылкы жылдын сентябрь айына карата 42,7 миңди түзгөн.
Жумушчу күчтүн жаш курагы менен бөлүнүшү
Аталган комиссия 2023-жылга карата эмгек рыногу боюнча анализ жүргүзгөн. Анда эң көп жумуш менен камсыз болгондор 30-54 жаштагы адамдар (59,5%), ал эми 65 жаштан жогорку курактагылар аз гана бөлүгүн же 2,7%ды түзөт.
Бул статистика 2024-жылы октябрь айында чыккан. 2024-2025-жылга карата маалымат чыга элек.
Жумушсуздук экономикага кандай таасир этет?
Экономист Чороевдин айтымында, жумушсуздук бюджет үчүн да, жарандар үчүн да көйгөр жаратат.
“Салык кирешелер азайып, бул бюджетке зыян. Социалдык чыгымдар көбөйүп, жумушсуздук жөлөк пул, социалдык жардамдар бюджетке жүктөлөт. Ошондой эле узакка созулган жумушсуздук коомдо көйгөйлөрдү жаратат”, - деди Чороев.
Жумушчулар кайсы тармакка көп талап кылынат?
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 7 миң 497 бош орун бар. Ваканциялар курулуш, жеңил өнөр жай, соода-сатык жана кызмат көрсөтү тармагында бар. Быйыл 11 айдын жыйынтыгында 15 миңге чукул жумушсуз деп каттоодо турган жаран иш менен камсыз болду.
Кыргызстанда кайсы тармактарда иштегендер көп?
Өлкөдө 2023-жылга карата айыл чарба, өнөр жай жана курулуш тармактарында иштегендер көп болгон.
Жумушсуздукту жоюу үчүн кайсы тармакка көңүл буруу керек
Кубан Чороевдин айтымында, IT жана технологияларга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ал жаштарды санарип кесиптерге даярдайт.
“Ошону менен катар эле туризм тармагын өнүктүрүү керек. Муну менен Кыргызстандын табигый жана маданий потенциалын пайдаланууга болот. Өндүрүштүк айыл чарбаны өнүктүрүү зарыл. Жакшы тейлөө секторуна көңүл буруу зарыл. Медицина, билим берүү, логистика сыяктуу тармактар”, - деди Чороев.
Наргиза Туркебекова билдиргендей, жумушсуздук маселесин чечүү үчүн мамлекет тарабынан ар кандай программалар иштелип чыгат. Анын ичинде кесиптик даярдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, багыт берүү боюнча программалар бар.
“Мамлекет тарабынан жумушсуздуктун алдын алуу үчүн 2024-жылы кесипке багыт берүүнү күчөтүү максатында жобо иштелип чыгып, бекитилген. Жумушсуз жарандардын көпчүлүгүнүн кесиптик билими жок. Келечекте жумушсуздардын санын кыскартуу үчүн министрлик жок дегенде 9-классты бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногуна талап болгон кесиптерди тандоого кеңештерин берет”, - дейт ал.

Министрлик кесипке багыт берүү үчүн ар түрдүү инструменттерди иштеп чыккан.
“Ар кандай тесттерди жана оюндарды уюштурабыз. Ошолорду өткөндөн кийин окуучулардын кайсыл тармакка шыгы бар экенин аныкташат. Кызматкерлер Эмгек рыногу кайсы кесипти талап кылары боюнча маалымат берет. Мындан тышкары, ал кесиптер боюнча кайсы жактан окуса болору тууралуу маалымат берилет.
Мисалы быйылкы жылдын 11 айдын жыйынтыгы боюнча 55 миңден ашык окуучу жана кесиби жок иш издеп жүргөн жаран кеп-кеңеш алышты”, - деди Туркебекова.
Чороев жумушсуздукту азайтуу үчүн экономика ар тараптуу өнүктүрүү, билим берүү системасын реформалоо жана мамлекеттик-жеке сектордун кызматташтыгы зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, ар тараптуу мамиле болбосо, жумушсуздук маселеси тез арада чечилбейт.



