Жарыяланган
2025-06-10, 17:27Эки жыл мурун Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы соода байланыштары таптакыр үзүлүп калгандай сезилген. 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу жаңжал ишенимди гана эмес, соода жүгүртүүнү да солгундаткан: 2021-жылы 28 миллион долларды түзгөн көлөм 2022-жылы 5 миллионго чейин түшүп, 2024-жылга келгенде 1,7 миллион долларга чейин азайган. Кыргызстан продукция жеткирүүнү дээрлик токтотуп, соода талаасын толугу менен тажик экспортчуларына бошотуп берген.
Бүгүнкү күндө абал өзгөрүүдө. 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 12,3 миллион долларга жетти. Бул көрсөткүч жаңжалга чейинки деңгээлден (28 миллион доллардан ашкан) дагы деле төмөн болгону менен, өткөн жылдын январь-июль айларындагы 812,6 миң доллар менен салыштырганда 15 эсеге өсүш болду. Акыркы жылдардагы соода көлөмүнүн кескин төмөндөшүн эске алганда, бул өсүш экономикалык байланыштар акырындык менен калыбына келе баштаганын айкын көрсөтүп турат.
Кайра калыбына келген сооданын негизги пайда алуучусу Кыргызстан болду. Эгер өткөн жылы Тажикстанга экспорттун көлөмү болгону символикалык 17,4 миң долларды түзсө, быйыл январь-июль айларында ал 9 миллион долларга чейин өстү. Бул бир жолку жеткирүү эмес, бир нече соода тармагын камтыган ар түрдүү товарлардын топтому болуп эсептелет.
Экспорттун негизги бөлүгүн азык-түлүк продукциясы түздү. Болгону шоколад жана какао камтылган даяр азыктар 343,6 тонна өлчөмүндө, жалпы суммасы 2 миллион доллардан ашык көлөмдө жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктар (84,1 тонна), макарон продукциясы (650,9 тонна), кант жана кургатылган буурчак өсүмдүктөрү да олуттуу үлүштү камсыз кылган.
Мындан тышкары, Кыргызстан кошуна мамлекетке 23,6 миң тонна көмүрдү 1,58 миллион долларга жана 1,3 миллион литр бензинди дээрлик 560 миң долларга жөнөттү. Бул товарлар өз ара сооданын туруктуу энергетикалык блогун түзөт.
Тышкы экономикалык товар жүгүнө техника жана жабдуулар да кошулууда: 8 трактор 158,3 миң долларга, алты автоунаа 21,5 миң долларга, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү машиналар жалпы 10,6 миң долларга жетти.
Экспорттун структурасына курулуш материалдары да кирди. Тажикстанга 50,9 миң чарчы метр термополирленген айнек 162 миң долларга, ошондой эле гипс жана ангидрит 22,5 тонна өлчөмүндө жөнөтүлгөн.
Айрыкча агропродукция өзүнчө линияны түзөт. Кыргызстан жашылча-жемиштерди активдүү экспорттойт: сабиз, кызылча, редис, сельдерей (745 тонна), капуста (23 тонна), ошондой эле цитрус жемиштери (4,9 тонна).
Ошентип, республика Тажикстандын базары үчүн көп профилдүү өнөктөш катары чыгат азык-түлүктөн жана күйүүчү майдан тартып, техника жана курулуш материалдарына чейин товар жеткирет.
Тажикстан ошол эле мезгилде Кыргызстанга 3,3 миллион долларлык товар жөнөттү. Анын негизгин жемиштер жана жашылча түздү.
Эң чоң үлүштү өрүк, алча, гилас, шабдалы, кайналы жана терн түзөт. Алардын экспорттук көлөмү дээрлик 1,7 миң тонна болуп, жалпы суммасы 474,7 миң долларды түздү. Андан соң жүзүм (824 тонна), пияз, сарымсак жана порей пиязы (1,2 миң тонна), ошондой эле бадыраң жана корнишон (39,7 тонна) орун алды. Ошондой эле кыргызстандыктар коонду (60,2 тонна), алма жана алмурутту (3,8 тонна), имбирь, шафран жана башка татымалдарды активдүү сатып алышты. Минералдык суу да экспорттун өзгөчө категориясын түзөт. Кошуна өлкө 550,9 миң литр минералдык жана газдалган сууну Кыргызстанга жеткирди. Бул тажик компанияларына 233 миң доллардан ашык киреше алып келди.
Тажикстан Кыргызстанга алюминий таякчалар жана профилдерин 1,07 миллион долларга жеткизди. Бул алюминийди Тажикстандын Кыргызстандын базарындагы негизги экспорттук товарларынын бири кылат. Мындан тышкары, кошуна өлкө алюминийден жасалган башка буюмдарды дагы 54,7 миң долларлык көлөмдө жөнөттү.
Тажик ишканалары Кыргызстанга пахта жибек жиптерин (61,9 тонна) жана килемдерди (40 миң чарчы метр) экспорттоп, бул товарлардын жалпы суммасы 240 миң доллардан ашты.
Жеңил унаалар жана транспорт каражаттары 219 миң доллардан ашык суммага жеткирилди.
Жалпылап айтканда, Тажикстандын Кыргызстанга экспортунун негизги багыттары жашылча-жемиштер, алюминий, минералдык суу жана текстиль болуп эсептелет.
Сандар Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы ишеним чындап эле кайра калыбына келе баштаганын көрсөтүп турат. Ооба, 12,3 миллион долларлык соода жүгүртүүсү жаңжалга чейинки деңгээлден дагы төмөн, бирок дээрлик үч жылдык “соода локдауны” соңунда маанилүү жетишкендик болуп саналат. Бул сандардын артында экономикалык динамика гана эмес, узак жана кыйын саясий иш да жатат.
Бул аралыкта тараптар акырындык менен диалогго кайтууга аракет кылышты. Алгач техникалык комиссиялар аркылуу: 2023-жылдын март айында Дүйшөмбүдө чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жана укуктук топтордун жолугушуулары жанданды. Андан соң, ошол эле жылдын октябрынан тарта Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган делегациялардын жыйындары регулярдуу болуп калды. 2024-жылдын августунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдүн жакын арада аякташы жөнүндө билдирген, ал эми декабрга чейин тараптар финалдык документтерге өтүүгө даяр экенин жарыялашкан.
2025-жылы Февралда Бишкекте Ташиев менен Ятимов делимитация протоколуна жана транспорттук жана суу ресурстар боюнча макулдашууларга кол коюшту. Ал эми март айында президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча мамлекеттик келишимге кол коюшту. Бир эле маалда 2021-2022-жылдары жабылган чек ара бекеттерин этап-этабы менен ачуу жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жөнүндө жарыяланды.
Автобустук жана авиациялык маршруттар калыбына келтириле баштады, жаңы соода келишимдери пайда болду. Жаңы жылуу мамилелердин символу март айындагы саммит болду, анда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери чек аралардын чектешүүсү боюнча макулдашууга жана Худжанд декларациясына кол коюшту. Бул кадам дипломатиялык иш катары гана эмес, келечектеги тынчтык үчүн маанилүү регионалдык негиз болуп калды.