Akchabarsearch
Чет өлкөдөн Кыргызстанга азыраак акча которулду. Мунун себеби эмне?
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2024-11-11, 15:00

Чет өлкөдөн Кыргызстанга азыраак акча которулду. Мунун себеби эмне?

Сентябрь айында  Кыргызстанга жеке адамдар 284,8 миллион доллар которгон, бул мурунку айга салыштырмалуу азыраак. Акча которуунун азайышы бир катар кыргызстандык банктардын Орусиянын ири банктарынан акча которууларды токтотуу чечимине туш келди.

Август айында чет өлкөдөгү кыргызстандыктар мекенине 293,8 миллион доллар которсо, ал эми сентябрда 284,8 миллион доллар акча жөнөтүлгөн.  Тагыраагы, дээрлик 9 млн долларга азыраак акча (-8,98 миллион доллар) жөнөтүлгөн. Айырма анчалык чоң эмес, бирок талдоо көрсөткөндөй 2020-жылдан бери акча которуу системалары аркылуу Кыргызстанга  август айына караганда сентябрда көбүрөөк акча түшөт. Эгерде биз 2024-жылды албасак, 2022-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу акча которуулар 4,33 миллион долларга кыскарган.

Белгилеп кетсек, 2024-жылдын сентябрь айында Орусиядан жөнөтүлгөн акчанын азайышы жалпы кыскаруунун жарымынан азын (47,2%) түзгөн. Алсак, күздүн биринчи айында Орусиядан Кыргызстанга 271,3 миллион доллар жөнөтүлгөн, бул август айына салыштырмалуу 4,24 миллион долларга аз.

Эске салсак, 16-августта бир катар ири банктар, анын ичинде “Мбанк” да Орусияга жана Орусиядан Кыргызстанга акча которууларды токтотконун жарыялашкан. Бул чектөөлөр телефон номер жана банктын мобилдик тиркеме аркылуу акча которууларга, ошондой эле Батыштын санкцияларына дуушар болгон Орусиянын ири банктары менен иштөөгө таасирин тийгизген, мисалы, “Сбербанк” жана “ТБанк” ААК. Ошол эле учурда, банктарга кайрылуу көрсөткөндөй, алардын көбү аркылуу Орусиядан акча которууга дагы эле мүмкүн.

Ошондой эле, Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн которулган каражат да 6,6 миллион долларга азайган. Бул негизинен АКШдан которулган акчанын дээрлик эки эсеге (2,5 млн долларга чейин) жана Түштүк Кореядан 98,22%га (100 миң долларга чейин) кыскарганына байланыштуу.

Бирок, Казакстан жана башка КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга акча которуулар көбөйгөн. Ошентип, коңшулаш өлкөлөрдөн 300 миң доллар (жалпы 700 миң доллар), КМШнын башка өлкөлөрү – 1,6 миллион доллар (жалпысынан 2,3 миллион доллар) жана башка алыскы чет өлкөлөрдөн – 1,4 миллион доллар (6,1 миллион доллар) акча жөнөтүлгөн.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандан жеке адамдар тарабынан тез которуу системасы аркылуу акча которуу кыскарган. Бирок, байкаларлык кыскаруу жок. Болгону 400 миң доллардан 35,6 миллион долларга чейин акча которуу кыскарган. 

Кошумчалай кетсек, жыл башынан сентябрь айына чейин Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу жалпысынан 2 миллиард 250,2 миллион доллар түшкөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 928,01 миллион долларды түзөт. Анын 2 миллиард 99,3 миллион доллары Орусиядан которулган. 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42
  • Ирандагы жаңжал Кыргызстандагы айдоо ишине кандай таасир этүүдө?

    Жаз мезгили жер ойгонуп, аны менен кошо жылдын эң негизги эмгеги башталган учур. Талааларда келечектеги түшүмдүн негизи түптөлөт жана жер семирткичтер канчалык өз убагында жана туура берилгенине жараша бир гана өзүнчө чарбанын кирешеси эмес, бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да көз каранды болот
    2026-03-04 11:40:54
  • Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

    Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады
    2026-26-03 05:52:15
  • Кыргызстанда жумуш орундар бар, бирок тажрыйбасы жок жаштар кантип ишке орношо алат?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
    2026-27-02 05:20:13