Akchabarsearch
Бишкектин чет жакасында «Манас» шаары курулуп, анда соода-логистикалык борбор салынат
Сүрөт алынган жер: Кабмин

Жарыяланган

2024-18-10, 13:35

Бишкектин чет жакасында «Манас» шаары курулуп, анда соода-логистикалык борбор салынат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык жылдан жылга чыңдалууда, муну мамлекеттер ортосунда, атап айтканда, акыркы бир жылда түзүлгөн көптөгөн келишимдер далилдеп турат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору эксперттердин жана кызыкдар тараптардын көңүлүн бурууда, бирок бул жалгыз масштабдуу долбоор эмес. Бир күн мурун Министрлер кабинетинин аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь эл аралык сооданын борбору боло турган соода-логистикалык “Манас шаарын” курууга капсула салышты.  

“Биз маанилүү окуяга – өлкөбүздүн экономикалык келечегине карай олуттуу кадамга күбө болуудабыз. Биз инвестициялык жана курулуш долбоорунун – соода-логистикалык “Манас” шаарынын алкагында мезгил капсуласын салуу салтанаттуу аземине чогулушканбыз. Сооданын маанилүүлүгү жогорулап, соода базар экономикасынын негизи, ал эми логистика азыркы экономикалык системанын негизги элементи болуп санала тургандыгын баарыбыз билебиз. Биз ири долбоорду ишке ашырууга киришип жатабыз – соода-логистикалык борборду гана эмес, бүтүндөй шаарчаны куруу. Бул борборду өзүнүн маанилүүлүгү жана функциялары боюнча эң ири деңиз портторуна салыштырууга болот”, - деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.  

Шаардын аянты 700 гектарды түзөт. Жалпысынан долбоордо заманбап соода жана кампа комплекстерин түзүү каралган. Ал жерде дагы турак-жай комплекстери курулуп, анын 10% мамлекетке берилет. Мындан тышкары, кытай медицинасына багытталган 400 орундуу бир оорукана, эки мектеп жана заманбап технологиялар менен жабдылган көргөзмө борбору болот.

“Биз курулуш үчүн атайын жерди тандап алдык, ал маанилүү соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан – “Манас” эл аралык аэропортунан болгону 15 чакырым алыстыкта орун алган. Ошондой эле, аталган аймактан “Дордой” базарына түз жол бар жана Казакстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан. Бул аны эл аралык логистикалык хабды түзүү үчүн идеалдуу учурга айлантат”, - дейт Кыргыз-кытай инвестициялык холдингинин башкы директору Кайрат Керимбеков.

Биринчи этапта соода борборлорун жана логистикалык кампаларды курууга 700 млн доллар инвестициялоо пландалууда. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү 4 млрд долларга чейин жетет жана биринчи этапты бүткөрүп, негизги объектилерди ишке киргизүү келерки жылга пландалууда.

“Логистика коңшу мамлекеттердин кызматташтыгынын негизги багыты болуп саналат. Кыргызстан Борбордук Азияда гана эмес, стратегиялык жактан маанилүү аймак болуу менен Европа менен логистикалык мамилелерде да маанилүү орунду ээлейт”, - деп белгиледи Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь.

Ошондой эле, ал Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда темир жол куруу маселесине токтолду. Анын айтымында, эксперттер бул жол Шанхайдан Парижге жүк жеткирүү убактысын бир топ кыскартат деп күтүшөт жана жалпысынан бул жол мурункуга караганда экономикалык жактан пайдалуу болот деп болжолдонууда.

“Негизги инвестиция Кытайдан келет, долбоорлоо жана курулуш иштери дагы кытайлык адистер жана жумушчулар тарабынан жүргүзүлөт. Биздин өлкөдө да ушундай шаарлар бар жана эреже катары, алар абдан функционалдык жана экономикалык жактан өнүккөн”, - деп белгиледи элчи.

Элчи Ду Дэвэн бул долбоор Кыргызстанга чоң пайда алып келерин жана Кытай менен түрдүү тармактарда кызматташууну бекемдей турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын сегиз айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 4 млрд доллардан ашты, анын негизги бөлүгүн импорт түзөт. 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42
  • Ирандагы жаңжал Кыргызстандагы айдоо ишине кандай таасир этүүдө?

    Жаз мезгили жер ойгонуп, аны менен кошо жылдын эң негизги эмгеги башталган учур. Талааларда келечектеги түшүмдүн негизи түптөлөт жана жер семирткичтер канчалык өз убагында жана туура берилгенине жараша бир гана өзүнчө чарбанын кирешеси эмес, бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да көз каранды болот
    2026-03-04 11:40:54
  • Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

    Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады
    2026-26-03 05:52:15
  • Кыргызстанда жумуш орундар бар, бирок тажрыйбасы жок жаштар кантип ишке орношо алат?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
    2026-27-02 05:20:13