Akchabarsearch
Орусияда бензин кризиси кайрадан кайталанууда: Баалардын өсүшү жана жеткирүүнүн чектелиши

Орусияда бензин кризиси кайрадан кайталанууда: Баалардын өсүшү жана жеткирүүнүн чектелиши

Орусиянын май куюу жайларында баалар өсүп, айрым аймактарда бензин тартыштыгы тууралуу кабарлар чыгып жаткан учурда, Кыргызстандагы мунай продуктуларынын рыногунда да туруксуздук байкалууда. Бизде күйүүчү-майлоочу материал боюнча абал курч экени, запас бир айга жетпей турганы жана баалар 15% га кымбатташы мүмкүн экени кабарланууда.

Мындай тенденция Россиядагы геосаясий абал жана мунай продуктуларынын тартыштыгы менен байланыштуу. Ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоо үчүн Орусия өкмөтү өндүрүүчү эмес компанияларга дизелдик отунду экспорттоого тыюу салуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле автоунаа бензинин экспорттоого болгон толук тыюу 2025-жылдын аягына чейин узартылды.

“АвтоВзгляд” порталынын маалыматына караганда, Орусиядагы абал бир нече фактордун натыйжасында жаралган. Алсак, сезондук фактор менен кошо орус мунай иштетүүчү заводдоруна Украинанын дрон чабуулдарынан келген олуттуу зыян да чоң таасир тийгизген.

Кыргызстандыктарга тынчсызданууга негиз барбы? Интернеттин жергиликтүү сегментинде айрым май куюучу жайларда А-95 бензини жок экени тууралуу билдирүүлөр чыга баштады. Анын баасы да жогорулап жатат. Эгер 8-октябрда “Мунай Пром” май куюучу жайында бензиндин баасы 79,4 сом болсо, 20-октябрга карата ал 80,4 сомго чейин көтөрүлгөн. Башкача айтканда, болгону эки жума ичинде бензин 1 сомго кымбаттаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, өлкөгө мунай продуктуларынын жеткирүүлөрү Энергетика министрлиги менен Орусиянын ортосундагы учурдагы өкмөттөр аралык келишимдин алкагында жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда мунай продуктуларына болгон жылдык муктаждык болжол менен 1,4 миллион тоннаны түзөт. 2025-жылга карата бензин жана дизель отунунун индикативдик балансы 2024-жылдагыдай эле деңгээлде - 1,2 миллион тонна өлчөмүндө бекитилген (анын ичинен бензин - 650 миң тонна, дизель отуну - 550 миң тонна). Бирок нефтетрейдерлердин демилгеси менен бул индикативдик балансты көбөйтүү маселеси каралууда, анткени мунай продуктуларына болгон суроо-талап жылдан жылга өсүүдө.

Май куюучу жайлар күйүүчү майдын баасын негизсиз көтөрүп жибербеши үчүн, мунай ташуучулар менен туруктуу негизде жолугушуулар жана иш жыйындары өткөрүлүп турат. Анда күйүүчү майдын жеткирүүлөрүнө, бааларга, запастарга, ташууга жана рынокко таасир этүүчү башка маселелерге байланышкан актуалдуу суроолор талкууланат. Мындан тышкары, Бишкектеги май куюу бекеттеринде мунай продуктуларынын чекене баалары күн сайын көзөмөлдөнүп, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү күйүүчү-майлоочу май баалары менен салыштырма талдоо жүргүзүлүп турат.

Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, учурда мунай продуктуларынын запасы октябрь айынын аягына чейин жетет.

“Республикадагы АЗСтердеги чекене баанын бир аз жогорулашы Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордо баанын өсүшү жана ички рынокту камсыз кылуу үчүн көлөмдүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Россия рыногундагы татаал геосаясий кырдаалга жана анын натыйжасында ички рынокто күйүүчү майдын тартыштыгына байланыштуу, орус тараптан кыргызстандык нефтетрейдерлерине ГСМ берүүгө чектөө киргизилген”, - деп айтылат Антимонополия кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, орус жеткирүүчүлөрүнүн күйүүчү майды жогору баада сатып алууга даяр болгон башка альтернативалуу кардарлары да бар.

Мекеменин кызматкерлери, мунай ташуучулар жана АЗС өкүлдөрү катышкан жыйындын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлиги бааларды туруктуу кармоо үчүн салыктык жүккө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштады (акциз салыгы, КНС, Жол фондусуна которуулар, күйүүчү майды маркировкалоо, экологиялык төлөм, ГСМди сертификациялоо), анткени аталган төлөмдөр жана которуулар күйүүчү майдын өз наркынын 20% түзөт. Ошондой эле орус мунай иштетүүчү заводдорунан жаңы, жогору баадагы ГСМди сатып алуу үчүн ички мунай трейдерлерине револьвердик кредиттерди берүү сунашталды. Бул чара мунай ташуучулардын жүгүртүүдөгү каражаттары жетишсиз болгон учурда практикалык жактан бир нече жолу эффективдүү экендиги аныкталган.

Өз кезегинде, нефтетрейдерлер ушул жылдын аягына чейин мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүүгө даяр экендигин билдиришти.

Ал арада Антимонополия кызматынын төрага орун басары Сыргак Оморов “Акчабар” басылмасына комментарий берип, Кыргызстанда күйүүчү майдын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу оптималдуу деңгээлде экенин белгиледи.

“Азыркы учурда Орусияда күйүүчү майдын белгилүү бир тартыштыгы байкалууда. Белгилеп кетүү керек, ГСМ биржалык товар жана анын баасы биржа аркылуу аныкталат. Азыркы учурда АИ-92, АИ-95 бензини жана дизелдик отун боюнча баалардын өсүшү байкалууда. Бирок буга карабай, коңшу республикаларга салыштырмалуу бизде баалар оптималдуу деңгээлде. Казакстанда да күйүүчү майдын бир аз тартыштыгы бар. Биз Орусиядагы күзгү талаа иштеринин аякташы менен белгилүү бир көлөм бошоп, биздин нефтетрейдерлер тарабынан сатып алынарын күтүп жатабыз”, - деди ал.

Ал Кыргызстандагы бензиндин баасынын күтүлүп жаткан өсүшүнө байланыштуу мунай соодагерлери менен талкууланган конкреттүү божомол бар экенин жана чындыгында бир аз жогорулоо байкалып жатканын белгиледи.

“Азыркы учурда Кыргызстандагы айрым май куюу бекеттеринде АИ-92 же АИ-95 бензини жок, бирок башкаларында бар. Бул мунай трейдерлеринин Орусия менен түзгөн жеткирүү келишимдерине байланыштуу. Жолдо дагы белгилүү бир көлөмдө күйүүчү май бар, ошондуктан, мисалы, Орусиядагы айрым шаарлардагыдай, май куюу бекеттеринде ГСМ толук жок болуп калуучу абал бизде болбойт. Бизде бир аз локалдык көйгөйлөр бар, аны чечүү менен мунай трейдерлери алектенип жатышат”, - деди ал.


Тектеш материалды окуу