Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-29-08, 22:23

Коңшу өлкөлөр Кыргызстан менен сооданы сом түрүндө жүргүзүүдө

Акыркы айларда Кыргызстандын валюта рыногу өзгөрүлмөлүү болуп, бирок негизги валюталарга карата сомдун курсу бекемделүүдө. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сомдун өзгөчөлүгүнө токтолду.

Экономика министри Данияр Амангелдиев журналисттер  менен жолугуп, улуттук валютанын өсүшүнө кандай факторлор таасир эткени тууралуу айтып берди.

 

“Акыркы убакта биз улуттук валютада соода операцияларынын көбөйгөнүн байкадык. Бул ага суроо-талап күчөгөнүн билдирет. Мындан тышкары, акыркы бир нече жылда биздин рубл-сом жана теңге-сом жуптары менен операцияларыбыз көбөйдү, бул дагы рынокто улуттук валютабызга суроо-талаптын өсүп жаткандыгынан кабар берет”,-деп түшүндүрдү экономика министри. 

ЕАЭБдеги сомго болгон суроо-талап 
 

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө кызмат көрсөтүү экспортунун көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,6%га өсүп, 658,1 млн долларды түздү. ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылган товарлардын көлөмү нарктык мааниде төмөндөгөндүгүн көрсөттү, бирок бул рыноктордо сомдун бекемделиши менен байланыштуу болушу мүмкүн.
 

Улуттук валюта нарк жагынан бекемделсе, соода алакалары төмөндөп кетиши мүмкүн. Себеби, сомдун бекемделиши өлкөгө товар импорттоону арзандатат. Натыйжада улуттук валютадагы реэкспорттун наркы, ошондой эле импорттолуучу компоненттерди жана чийки заттарды пайдалануу менен өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркы төмөндөшү мүмкүн.
 

Ошентип, улуттук валютанын бекемделиши тышкы сооданын жалпы наркынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, бирок физикалык импорттун жана экспорттун көлөмү өзгөрүүсүз калуусу же ал тургай көбөйүшү мүмкүн.
 

Кошумчалай кетсек, ЕЭКтин маалыматы боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сом менен өз ара төлөмдөрү көбөйгөн. Бирок, биримдиктин башка мүчө-өлкөлөрүнүн жогорку базасынын фонунда өсүш өтө аз көрүнөт, жалпы көрсөткүчтүн 0,1%ын гана түзөт. Бирок ошол эле учурда 2023-жылдын төртүнчү кварталында гана Казакстан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо боюнча сом менен 2 миңден ашык транзакция жүргүзсө, Белоруссияда 68 (Армения менен Орусия бул статистиканы жарыялабайт. – Автордун эскертүүсү) транзакция жүргүзгөн.
 

“Кыргызстандын валютасына суроо-талап өлкөлөр ортосундагы соода операцияларынан жана акча каражаттарынын агымынан улам өсүп жатат. Бул экспорттук агым өз кезегинде валюта курсунун динамикасын өзгөртөт”, - деп белгиледи Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов.
 

Белгилеп кетсек, 2022-жылдын октябрында Москва биржасында сом-рубль жубунун соодасы башталган. Мындай аукциондордогу рекорддор тууралуу жаңылыктарды “Акчабар”  бир нече жолу жарыялаган.
 

Быйыл алты айда Кыргызстандан 405,7 млн долларлык алтын экспорттолуп, операциялар табигый түрдө доллар менен жүргүзүлдү. Ошентип, америкалык валюта өлкөнүн базарларына чыкты. Бул өз кезегинде сомдун туруктуулугуна да таасирин тийгизүүдө.
 

Рыноктогу жаңы оюнчу
 

Кытай ар дайым Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана бул өнөктөштүк чыңдалып баратканы байкалууда. 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта Улуттук банк “Reuters” жана “Bloomberg” маалымат агенттиктеринин маалыматтарын колдонуу менен юандын курсун күн сайын валютанын АКШ долларына болгон кросс курсуна таянуу менен эсептей баштайт.
 

“Биз кытай валютасы менен операциялардын көбөйүшүн байкап жатабыз жана бул өз кезегинде Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода операциялары үчүн анын баасын аныктоону талап кылат. Мындан тышкары Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттер менен Кытай да юанды колдонгон соода-сатык иштери жүрөт. Ушуга байланыштуу мындай чечимди кабыл алып, биз бул валютаны сатып алуу жана сатуу үчүн аянтча түзүп жатабыз”, - дейт Чоро Сейитов.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42
  • Ирандагы жаңжал Кыргызстандагы айдоо ишине кандай таасир этүүдө?

    Жаз мезгили жер ойгонуп, аны менен кошо жылдын эң негизги эмгеги башталган учур. Талааларда келечектеги түшүмдүн негизи түптөлөт жана жер семирткичтер канчалык өз убагында жана туура берилгенине жараша бир гана өзүнчө чарбанын кирешеси эмес, бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да көз каранды болот
    2026-03-04 11:40:54
  • Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

    Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады
    2026-26-03 05:52:15
  • Кыргызстанда жумуш орундар бар, бирок тажрыйбасы жок жаштар кантип ишке орношо алат?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
    2026-27-02 05:20:13