
Жарыяланган
2025-03-12, 14:05Кыргызстандын Бишкек - Ош унаа жолунда машинелер токтобой каттап, бир мүнөткө да тыным албайт. Бул трасса өлкөдөгү негизги, стратегиялык маанидеги транспорттук коридорлордун бири. Модернизациядан кийин аймактагы логистика жакшырды, бул сооданы бир кыйла жеңилдетип, Бишкек менен Кара-Балтанын ортосундагы каттамды мурдагыдан да жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылды.
Бул трассада Азия өнүктүрүү банкынын коридорду жакшыртуу боюнча Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС-3) долбоорунун алкагында 52,5 чакырым жол реконструкцияланды: анын 43,5 чакырымы төрт тилкелик кыймылга ылайыкташтырылса, кыймыл өзгөчө тыгыз болгон тогуз чакырымы алты тилкеге кеңейтилди. Ошондой эле алты жаңы көпүрө курулуп, бир эски көпүрө калыбына келтирилди. Долбоордун жалпы наркы 90 миллион доллардан бир аз көп.
Эки шаардын тургундары күнүмдүк каттамдарда да, жүк ташууда да борбор менен Кара-Балтанын ортосунда жүрүү убактысы бир кыйла кыскарганын билип турат.
Азыр бул жол тилкеси кыйла коопсуз болду, сапаттуу көпүрөлөр курулуп, климаттык шарттар эске алынган асфальт төшөлдү. Адамдар үчүн ишке, мектепке, бала бакчага жана ооруканага жетүү жеңилдеди.

“Долбоор боюнча башында автоунаа базарынан Кара-Балтага чейинки участок каралган болчу. Бирок ишке ашыруу маалында каражат үнөмдөлүп, кошумча 7,4 чакырымды кошууга мүмкүн болду. Курулуш иштери 2017-жылы эле башталган, ал эми негизгилери 2022-жылы аяктады. Дефекттик мезгил былтыр жыйынтыкталды. Трассада кыймыл өтө эле көп болгондуктан долбоордун алкагында 13 жер алдындагы жөө өткөөл оңдолду. Алардын жетөө реконструкцияланып, алтоосу таптакыр жаңыдан курулган”, — деди Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин АӨБ долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жол инженери Нурмат Калмурзаев.
Бул бөлүк 1В категориясына кирет. Тагыраагы октук жүгү 11,5 тонна болгон жогорку ылдамдыктагы жол. Учурда өлкөдө мындай жолдор экөө эле. Анын бири “Манас” аэропортуна бараткан Васильевский тракты.
Кыймылдын көбөйүшү менен мурдагы жол жүктү көтөрө албай калган. Ошондуктан аны кеңейтүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык, шаар ичинде, айланма жолдон Алыкулов көчөсүнө чейин Бишкекте жолду алты тилкеге, ал эми Кара-Балтага чейин төрт тилкеге кеңейтүүгө макулдашылган.
“Бул жолдун 85% калктуу конуштардан өтөт. Курулуш иштери жүрүп жатканда жолду калктуу конуштардын ичинде оңдоп-түзөө зарыл болуп, анда долбоордо каралбаган көптөгөн жер алдындагы коммуникациялар болгону негизги көйгөй болду. Ушундай маселелер долбоорду ишке ашыруу маалында жаралды жана бул анын ишке ашуу мөөнөтүн узартууга алып келди”, — деди Нурмат Калмурзаев.
Ал ошондой эле бул жол уникалдуу экенин кошумчалады, анткени асфальттын калыңдыгы 23 сантиметрди түзөт. Бекемдөөчү катмар тогуз сантиметрлик кара щебень, төмөнкү катмар да тогуз сантиметр, үстүңкү кийиш катмары 5 сантиметрди түзөт.
Кыймыл бир да мүнөткө токтобойт. Албетте, кемчиликтер пайда болот, бирок келечекте жолду оңдоо иштери Транспорт министрлигинин эсебинен жүргүзүлөт.
Дагы бир долбоор - Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык коридорлорунун 1 жана 3 жолдорун туташтыруучу жол - Азия өнүктүрүү банкынын насыясы ($68,5 млн) жана грантынын ($9,5 млн) эсебинен ишке ашырылды.
Долбоор региондор арасындагы негизги жолдорду жакшыртуу, ошондой эле жол тармагынын коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.
Балыкчы шаарынан Кочкор айылына жана Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки участоктордун реконструкциясы бүттү. Иштер 2022-жылы башталып, 2023-жылы аяктаган. Мурда бул жол тилкесинде орточо жана учурдагы оңдоо гана жүргүзүлгөн, бирок мындай масштабдагы иштер биринчи жолу жасалды.

Учурда объект үч жылдык кепилдик тейлөөдө турат.
Келерки жылы сегиз кире бериш жолду (чамасы 40 чакырым) реконструкциялоо башталат. Бардык курулуш иштерин 2027-жылы аяктоо пландаштырылууда, ал эми подрядчынын кемчиликтер үчүн жоопкерчилик мөөнөтү 2028-жылы бүтөт. Бул жолдор бүгүнкү күндө миңдеген айдоочуларга кыймылды ылдам жана коопсуз кылууга шарт түзүп, айыл тургундары үчүн рынок, мектептерге жана ооруканага жетүүнүн ишенимдүү жолу болуп саналат.
Бишкектик журналисттер альтернативдүү жолду куруу долбоорунун консультанты Эльдар Самаркулов менен Түндүк-Түштүк трассасынын 60-чакырымында жолукту. Бул участоктун жалпы узундугу 27 чакырымды түзөт. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан насыялык келишим аркылуу каржыланууда.
“Реконструкцияга чейин участок үчүнчү категориядагы жол болуп, Советтер союзунун доорунда курулган. Реконструкциядан кийин трасса экинчи категорияга өтүп, калктуу конуштарда төрт тилкеге кеңейтилди. Ошондой эле суу түтүктөрү жана дренаж түтүктөрү орнотулуп, көпүрөлөр курулду, жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн көчөлөр жарыктандырылып, тротуарлар жасалды”, — деди ал.
Анын айтымында, эң чоң эффектти биринчи кезекте оор жүк ташуучу унаа айдоочулары сезишти. Алсак, жол тыгыз кыймылды көтөрүп, тегиз жана коопсуз болду, бул Түндүк-Түштүк маршруту аркылуу транзиттик ташуулар үчүн өзгөчө маанилүү.
Кыргызстандагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлүнүн өлкөдөгү директору Чжэн Ву аталган банк 1994-жылдан бери Кыргызстандын өнүгүүсүндө негизги өнөктөш экенин белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкы республикага инфраструктураны жана башка секторлорду өнүктүрүү үчүн 3 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.
“Акыркы үч-төрт жыл ичинде Кыргызстандын Ички дүң өнүмү эки эсеге өстү. Бул экономикалык өсүштүн негизги көрсөткүчү. Адатта, өнүгүүгө багытталган Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы өңдүү өнөктөштөр ИДП өсө баштаганда гранттарды берүүнү токтотушат. Биз, мисалы, айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлор үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн ресурстарды мобилизациялоону улантуудабыз”, — деди Чжэн Ву.
Ошондой эле ал өлкөнүн Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуусу инфраструктураны жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багыттала берерин белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстандын өкмөтү менен климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттешүү улантылат.



