Жарыяланган
2025-07-07, 16:24Улуттук төлөм системасы Кыргызстанда "Элкарт" карталары аркылуу уруксатсыз жүргүзүлгөн операциялардын санынын көбөйүшүнө тушугуп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2024-жылдын октябрь-декабрь айларында жергиликтүү төлөм системасынын карталары менен байланышкан 202 инцидент катталган — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 23 эсеге көп.
Карта аркылуу уруксатсыз жүргүзүлгөн операциялар — бул карта ээси өзү макулдук бербеген же кабары болбогон бардык транзакциялар: акча алуу, которуулар же төлөмдөр.
Регулятордун маалыматы боюнча, 2024-жылдын төртүнчү кварталында өлкөдөгү коммерциялык банктар чыгарган төлөм карталары аркылуу жалпысынан 497 уруксатсыз операция катталган. Анын ичинен 256сы VISA Int. карталары менен, 39 учур MasterCard жана 202 учур "Элкарт" карталары менен байланыштуу.
Уруксатсыз операциялардын саны боюнча лидерлик Visa картасында калууда, бирок 2024-жылдын төртүнчү кварталында мындай учурлар эң көп "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталарында катталган. Мисалы, 2023-жылдын ушул мезгилинде болгону 9 эле учур катталса, былтыркы жылдын үчүнчү кварталында болгону 1 эле учур болгон.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2024-жылдын төртүнчү кварталында бардык карталар боюнча уруксатсыз операциялардын болжолдуу суммасы 6,8 миллион сомду түзгөн. Бул жалпы операциялардын көлөмүнүн болгону 0,002% гана түзөт. Ошол эле учурда бул сумманын жарымынан көбү — 3 миллион 496,9 миң сом — "Элкарт" карталарына туура келет. Салыштыруу үчүн, 256 учур боюнча билдирүү берген Visa карталарынын ээлеринде бул сумма азыраак — 3 миллион 135 миң сом, ал эми MasterCard боюнча 39 учурга 163 миң 154 сом туура келет.
Баарынын себеби – "Элкарт" көптөн бери жергиликтүү платформа чегинен чыгып, эл аралык деңгээлге чыккан улуттук брендке айланган. Бул менен кошо ал киберкылмышкерлердин бутагына да түшкөн.
Бул жагдайды жүргүзүлгөн анализ да тастыктайт: бардык учурлар онлайн-операциялар менен гана байланыштуу. 2024-жылдын төртүнчү кварталында жалпы 497 уруксатсыз интернет-транзакция катталган. Ошол эле учурда бир да уруксатсыз төлөм POS-терминал же банкомат аркылуу жүргүзүлгөн эмес. Ал эми 2022-жылы болсо, алдамчылар дагы деле "эски ыкмаларды" колдонуп, накталай акча алып, жасалма карталарды колдонушкан. Бүгүн болсо алар толугу менен санарип мейкиндикке өткөн.
Жалпысынан 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 1 миң 899 уруксатсыз операция катталды — бул өткөн жылга салыштырмалуу 74% көп. Болжолдуу зыян — 32 миллион сомдон ашты, бул 2023-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге жогору. Анын ичинен 27 миллион сомдон ашыгы Visa карталарына туура келет, калган сумма — MasterCard жана "Элкарт" карталарына тиешелүү.
Айрыкча экинчи жана үчүнчү кварталдарда активдүүлүк жогору болгон — ошол учурда кыргызстандыктардын карталарынан алардын макулдугусуз 23 миллион сомдон ашык суммада акча каражаттары алынып, которулуп же төлөмдөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле бир уруксатсыз операциянын орточо суммасы да өсүп, 14,9 миң сомдон дээрлик 17 миң сомго жеткен.
"Ар бир инцидент боюнча акча каражаттарын карта ээлерине кайтаруу максатында төлөм системаларынын эрежелерине ылайык иликтөөлөр жүргүзүлөт", — деп белгилешет Улуттук банкта.
Бүгүнкү күндө улуттук система күнүмдүк банктык практикада эл аралык бренддерди акырындык менен сүрүп чыгууда — ички рыноктун дээрлик 40% "Элкарт" карталарына туура келет.
Белгилеп кетсек, ушул жылдын биринчи кварталы боюнча карта аркылуу уруксатсыз операциялар боюнча маалыматтар да жарыяланды. Жалпысынан 252 учур катталган, анын ичинен 179у эл аралык VISA Int. системасынын карталарына, 4 учур MasterCardга, ал эми 69 операция "Элкарт" карталарына туура келет. Бул операциялардын жалпы суммасы болжол менен 5,5 миллион сом деп бааланууда.