Жарыяланган
2025-15-07, 15:07Ушул жылдын апрель айында Министрлер кабинети "Юриспруденция", "Экономика" жана "Менеджмент" багыттары боюнча сырттан окуу формасына студенттерди кабыл алууга мораторий киргизүүнү сунуштаган. Натыйжада, 2025-жылдын 27-июнунда токтом кабыл алынды. Токтом долбоорунда көрсөтүлгөндөй, 2025–2026-окуу жылы үчүн жогоруда аталган багыттар боюнча сырттан окуу формасына студенттерди кабыл алууга убактылуу алты айлык мораторий киргизилет. Бул чектөө менчик формасына жана макамына карабастан өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларга тиешелүү.
Билим берүү министрлиги мораторий билим берүү сапатын жогорулатууга жана бул багыттардагы коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталганын баса белгилейт. Себеби сырттан окуган студенттердин саны абдан көп жана ошол эле маалда бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу көрсөткүчтөрүнүн начарлашы байкалууда. Тыюу салуу билим берүү стандарттарын жана окуу программаларын кайра карап чыгууга, материалдык-техникалык базаны жаңыртууга жана окуунун жаңы – күндүзгү менен онлайнды айкалыштырган – гибриддик моделдерин киргизүүгө убакыт берет деп болжолдонууда.
Масштабды түшүнүү үчүн – 2025-жылга карата Кыргызстанда 74 ЖОЖ (34 мамлекеттик жана 40 жеке менчик) бар, аларда жалпысынан 220 миңден ашуун студент билим алат (195 миңге жакыны контракт боюнча, бул болжол менен 88%). Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 50-52ден ашык университет юриспруденция, экономика жана менеджмент боюнча программаларды сунуштайт. Алардын көбү сырттан окуу курстарына студенттерди көп санда кабыл алышкан.
Ачык булактардагы "Абитуриент-Online" сайтынын маалыматтарын изилдеп чыгып, "Акчабар" редакциясы 2024-жылдын жайкы кабыл алуу маалында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары талкууланып жаткан багыттар боюнча сырттан окуу формасында жалпы 121 адистик сунуштаганын аныктаган (бул адистиктердин баары токтомдо көрсөтүлгөн шифрдин алдында өтөт). 2024-жылга карата планда ЖОЖдор 4 миң 377 сырттан окуган студентти кабыл алууну көздөгөн. Ар бир студент контракттык негизде жылына орточо 28 миңден 50 миң сомго чейин төлөм жасамак. Эгер пландалгандай кабыл алынса, бир эле агымдан ЖОЖдордун бюджетине жалпысынан 171 миллион 2 миң 750 сом түшмөк.
"Чечим кабыл алынды, демек, мораторий керекпи же жокпу деп талкуулай албайбыз, — дейт Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев. — Аткарабыз. Ооба, бул окутуучулардын окуу жүгүн бир аз азайтып, каржылык түшүүлөрдүн кыскарышына алып келет".
Редакция менен болгон маекте ал университет студенттерди окутуунун башка формаларын да караштырып жатканын, атап айтканда дуалдык билим берүүгө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
"Мисалы, дуалдык окутуу формасы — бул студент бир убакта окуп да, иштеп да жүргөн система. Ал ЖОЖдо теориялык сабактарды өтөт, ал эми ишканаларда практикалык бөлүгүн аткарат. Студент стажёр катары айлык акы алып, ошол эле учурда кесипти өздөштүрө баштайт. Мындай система азыр логистика багытында пилоттук долбоор катары иштеп жатат, быйыл болсо аны тамак-аш технологиялары багыты боюнча да киргизип жатабыз", — деди Мирлан Чыныбаев.
Сырттан окуган студенттердин даярдык деңгээли тууралуу суроого жооп берип жатып, ал мындай окуу формасы кандай максатта жаралганын эске салды.
"Тарыхый жактан алып караганда, сырттан жана кечки окуу формасы Советтик Союзда иштеген адамдар өндүрүштөн ажырабай билим алышы үчүн пайда болгон. Эгерде бүгүн жогорку окуу жайлардын ролуна көз салсак, анда ошол баштапкы максатты эстен чыгарбашыбыз керек — иштеп жаткан кызматкерлерге квалификациясын жогорулатууга, мисалы, инженер же ишкананын жетекчиси болууга шарт түзүү. Сырттан окуунун башкы максаты — иштеген адамдарды окутуу экенин унутпашыбыз керек", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Бул маселе боюнча бардык эле жогорку окуу жайлары өз позициясын ачык айтууга даяр эместей. "Акчабар" редакциясы ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) жана "Ала-Тоо" Эл аралык университетине кайрылган. КУУ комментарий берүүдөн баш тартышып, мыйзам азырынча күчүнө кирбегенин жүйө келтиришти, бирок токтом расмий кабыл алынгандан кийин жооптуу катчы телефон чалууларга жана билдирүүлөргө жооп берген жок. КРСУ "Бардык маалымат сайтта көрсөтүлгөн" деп жооп берип, өз позициясын ачык билдирген жок. Ал эми "Ала-Тоо" университети бир күндүк убададан кийин башка бирөөгө кайрылууну сунуш кылды.
"Абитуриент-Online" сайтындагы жайкы кабыл алуу боюнча маалыматтарга караганда, сырттан окуу варианттары кескин азайган, бирок тыюуга карабастан мындай орун сунуштаган жогорку окуу жайлар да бар, бул мыйзамдуулукка байланыштуу суроолорду жаратат. Ошентсе да, "Юриспруденция", "Экономика" жана "Менеджмент" адистиктери боюнча сырттан окууга тапшырууну пландап жаткан студенттер планына кайрадан карап чыгышы керек болот: алардын айрымдары күндүзгү окууга өтүүгө аракет кылышы мүмкүн (бул статусун өзгөртүүнү, мүмкүн жер которууну жана иштен баш тартууну талап кылат), кээ бирлери болсо окууга тапшырууну кийинкиге калтырышы мүмкүн.