Жарыяланган
2026-10-10, 15:03Кайрымдуулукка 100, 500 же 1 миң сом берип, ал акча кайда жумшаларын билесизби? Кыргызстандагы биринчи балдар хосписи үчүн бул жөн гана чакан сумма эмес. Бул оор дартка чалдыккан балдарга күн сайын кам көрүүгө кошулган салым.
Бүгүн, 10-октябрда, Дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнү белгиленет. Кыргызстандагы азырынча жалгыз балдар хосписи оор жана айыкпас дартка чалдыккан балдарга жардам көрсөтүп, алардын ата-энелерине колдоо берет. Медициналык кароонун, атайын тамактануунун жана психологиялык жардамдын артында кызматкерлердин күнүмдүк эмгеги жана дары-дармек менен жабдуулардан тышкары башка да чыгымдар турат.
Паллиативдик жардам өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөрүп жаткан адамдарга гана керек эмес. Оор дартка чалдыккан балдар үчүн мындай жардам ооруну жана башка белгилерди жеңилдетүүгө, оорулардын күчөп кетишинин алдын алууга жана баланын мүмкүнчүлүгүнө жараша активдүү жашоосун сактоого багытталган. Негизги максат баланын жашоосун мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана толук кандуу кылуу, ата-энесин күнүмдүк кыйынчылыктар менен жалгыз калтырбоо.
Балдарга көрсөтүлгөн паллиативдик жардамдын болжол менен 90 пайызы онкологиялык эмес ооруларга байланыштуу. Алардын арасында өнөкөт генетикалык жана неврологиялык оорулар бар. Мындай учурларда колдоо бир нече жылга, атүгүл өмүр бою талап кылынышы мүмкүн.
Жашоо сапатын жакшыртуу ооруну басаңдатуу, тырышууну токтотуу, зонд же гастростома аркылуу тамактандыруу, кычкылтек менен камсыз кылуу же өпкөнү жасалма дем алдыруу мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле басымдан жара пайда болушунун жана муундардын кыймылы чектелишинин алдын алуу, массаж жасоо жана денени туура абалда кармоо да маанилүү. Бирок баланын жашоо сапаты оюндарды, музыканы, сейилдөөнү, майрамдарды, досторду жана жаңы таасирлерди да камтыйт. Ал эми балага кам көргөн эненин эс алып, күч топтошу да маанилүү.
Хоспис жардам көрсөткөн 100дөн ашык үй-бүлөнүн ар биринин өз тарыхы бар. Көп учурда ата-эненин бири, адатта энеси, баласына күнү-түнү кам көрүү үчүн жумушун таштоого аргасыз болот. Дары-дармекке, атайын тамак-ашка жана медициналык каражаттарга ай сайын он миңдеген сом сарпталышы мүмкүн. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташкан бир балага керектелүүчү чыгым материалдарынын өзү айына болжол менен 33 миң сом турат.
Хоспис бардык жардамды акысыз көрсөтөт. Анын иши жарандар менен компаниялардын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен каржыланат. Түшкөн каражаттын болжол менен 65 пайызы жеке адамдардын, ал эми 35 пайызы юридикалык жактардын кайрымдуулук салымдарына туура келет.
Рамазан 10 жашта. Ал блогер болууну, Instagram үчүн видеолорду тартып, өз жашоосу тууралуу айтып берүүнү кыялданат. Телефону бар, бирок колго кармоого ыңгайлуу, жеңилирээк iPhone алгысы келет. Азыр аны сатып алуу үчүн акча чогултууда.
Хосписте Рамазан досторду тапты. Бул жерде анын учак менен учуу кыялынын да орундалышына жардам беришкен. Ал апасы менен Ошко барып, шаар кыдырып, палоо жеп, көптөгөн жаңы таасирлерге ээ болгон. Жайында болсо поезд менен Балыкчыга барган. Мунун баары трахеостомасы бар экенине жана дем алуусун атайын аппараттын жардамы менен колдоого муктаждыгына карабастан ишке ашты.
Жолукканда Рамазан бир аз тартынды. Бирок анын уялчаактыгынын артында ырдаганды жана бийлегенди жакшы көргөн шайыр, кыймылдуу бала жашынган. Ал хосписти экинчи үйүм деп атайт.
Рамазан хосписке реанимациядан кийин биринчи жолу келгенде, убактысынын көбүн жатып өткөрүп, дем алуусу аппараттын жардамы менен камсыздалчу. Адистердин камкордугу жана үзгүлтүксүз көзөмөлүнүн аркасында ал бара-бара күндүз аппаратсыз эле дем ала баштаган. Азыр аппарат негизинен түнкүсүн гана керек. Калган убакта бала кыймылдап, ойноп, өзүнө жаккан иштер менен алектене алат.
Рамазандын тарыхы медициналык процедуралардын жана тынымсыз кам көрүүнүн артында кадимки балалыкка кайрадан орун табууга болорун көрсөтөт.
Жардамдын эң көп чыгым талап кылган түрлөрүнүн бири өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) же дем алууну колдоочу башка жабдууларга муктаж балдарды камсыздоо. Учурда Кыргызстанда сегиз бала ушундай колдоого муктаж. Хоспис үй-бүлөлөргө керектүү жабдууларды жана чыгым материалдарын сатып алууга жардам берет, бирок бардык муктаждыктарды дайыма толук жаба албайт.
Баланы реанимациядан ӨЖД аппараты менен үйүнө чыгаруу үчүн болжол менен 500 миң сомдук аппарат, 15 миң сомдун тегерегиндеги аспиратор керек. Мындан тышкары, электр энергиясы өчүп калган учурда колдонуу үчүн инвертор жана аккумулятор талап кылынат. Аларга дагы 30 миң сомдой каражат кетет.
Хоспистин эсеби боюнча, баланы реанимациядан үйүнө чыгарууда керектүү жабдуулардын, кароо каражаттарынын, тамак-аштын жана чыгым материалдарынын баштапкы топтому болжол менен 90 миң сомду түзүшү мүмкүн. Чыгымдын көлөмү баланын абалына жана үй-бүлөсүндө кандай каражаттар бар экенине жараша өзгөрөт.
Чыгымдардын дагы бир бөлүгү гастростомиялык түтүктөрдү орнотуу. Гастростома орнотуу үчүн керектүү баштапкы топтом болжол менен 51,5 миң сом турат. Ал эми түтүктүн баасы түрүнө жараша 6,9 миң сомдон 27 миң сомго чейин жетет. Аны болжол менен жарым жылда бир жолу пландуу түрдө алмаштыруу керек.
2026-жылы сегиз үй-бүлө балдары үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана трахеостомасы бар балдарга керектүү чыгым материалдарын алышкан. Жардамдын жалпы суммасы болжол менен 13,3 миллион сомду түзгөн. Хоспис ата-энелер менен биргеликте мындай балдарга мамлекет тарабынан да жардам көрсөтүлүшүнө жетишүүгө аракет кылган.
Айрым балдарга атайын медициналык тамактануу талап кылынат. Бир баланын айлык муктаждыгы болжол менен 18 миң сомду түзүшү мүмкүн. Хоспис ар бир балага орточо эсеп менен 8-10 миң сомдук атайын тамак-аш сатып алууга жардам берет. Мындай колдоону ай сайын болжол менен 20-25 бала алат. Эгер жардам 20 балага көрсөтүлсө, ага айына 160 миңден 200 миң сомго чейин каражат талап кылынат. Калган чыгымдарды үй-бүлөлөр өз алдынча же башка булактардын жардамы менен жабышат.
2025-жылы хоспис дары-дармек сатып алууга 600 миң сомдон ашык каражат жумшаган. Мындан тышкары, донорлор дагы 150 миң сомдук же андан көп суммага дары-дармектерди өздөрү сатып алып, түздөн-түз өткөрүп беришкен. Стационарда жаткан балдар менен аларды коштоп жүргөн ата-энелердин тамак-ашына айына болжол менен 34 миң сом кетет. Азык-түлүктүн бир бөлүгү - эт, мөмө-жемиш жана башка азыктар кайрымдуулук катары берилет.
Биз барган учурда стационарда балдары менен эки эне жаткан. Алар бири-бири менен жакын мамиледе болуп, чогуу тамак жасап, кечинде бир дасторкондун тегерегине чогулушат. Биз барардын алдында тоок этинен лагман даярдашкан. Мындай күнүмдүк жөнөкөй көрүнгөн учурлар да маанилүү. Хосписте үйдөгүдөй жылуу маанай түзүүгө аракет кылышат. Бул жерде ата-энелер күнүмдүк түйшүктөрүн аларды ашыкча сөзсүз түшүнө алган адамдар менен бөлүшө алышат.
Хоспистин иши конкреттүү балдар үчүн керектүү каражаттарды сатып алуу менен эле чектелбейт. Кызматкерлердин эмгек акысына жана имараттарды күтүүгө байланыштуу туруктуу чыгымдар да бар.
Кызматкерлердин эмгек акысына ай сайын 169,3 миң сом жана ага кошумча салыктар төлөнөт. Командада балдарга күнү-түнү кам көргөн үч медайым, дарыгер, психолог жана массажист иштейт. Мындан тышкары, балдар менен аларды коштоп жүргөн ата-энелердин тамак-ашына дагы 34 миң сомдой талап кылынат. Демек, салыктарды жана башка чыгымдарды эсепке албаганда, кызматкерлердин эмгек акысы менен тамак-ашка эле айына кеминде 203,3 миң сом сарпталат.
Күтүүсүз чыгымдар да болуп турат. Мисалы, реанимацияда жаткан бир балага дары-дармектерди шашылыш сатып алуу үчүн 80 миң сом талап кылынган учур болгон.
Имараттагы түтүктөрдү өткөн жылы алмаштырууга болжол менен 500 миң сом кеткен. Ал эми жыл сайын бөлмөлөрдү жаңыртып, косметикалык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 200 миң сомдой каражат керек.
Хоспис реабилитация жана балдарга кам көрүү үчүн керектүү каражаттарды да сатып алат. Алардын катарында болжол менен 31 миң сомдук майыптыгы барлар үчүн электр арабалары, 15 миң сомдук аспираторлор, 50 миң сомдук кычкылтек концентраторлору жана 90 миң сомдук атайын корсеттер бар. Мындан тышкары, какырыкты чыгарууга жардам берүүчү аппаратты уюм 350 миң сомго сатып алган.
Ошол эле учурда бардык чыгымдарды алдын ала эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Балдардын абалы өзгөрүп, кошумча текшерүүлөргө, дары-дармектерге жана медициналык жабдууларга муктаждык жаралышы мүмкүн. Ошондой эле хоспистин жардамына муктаж болгон жаңы балдар да кошулуп турат.
Хоспис жайгашкан имаратты Бишкек мэриясы үч жылга убактылуу жана акысыз пайдаланууга берген. Бул уюмга ижара акысына чыгым тартпоого мүмкүндүк берет. Акчалай жардамдан тышкары, жарандар менен компаниялар азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык каражаттарды да беришет. Ошондой эле оңдоо иштерине көмөктөшүп, балдар үчүн ар кандай иш-чараларды уюштурушат.
2026-жылы үй-бүлөлөр өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка (ӨЖД) керектелүүчү чыгым материалдарынын бир бөлүгүн мамлекеттин каржылоосу аркылуу ала башташты. Бул тууралуу эки баласы тең жүлүн булчуң атрофиясы (ЖБА) менен ооруган Айпери Капар кызы айтып берди.
Анын уулу Умарга ЖБАнын экинчи түрү деген диагноз коюлган. Азыр баланын абалы туруктуу. Ал рисдиплам дарысын алып, мурда кыйналган кыймыл-аракеттерди акырындап өздөштүрүп жатат. Эми колдорун көтөрө алат. Ал эми кичүү кызы Айбийкеде ЖБАнын биринчи түрү бар жана ал дем алуусун үзгүлтүксүз аппараттын жардамы менен колдоого муктаж.
Умар төрөлгөндө ата-энеси алгач баланы балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруйт деп ойлоп, реабилитациялык дарылоого аракет кылышкан. Кийин генетикалык текшерүү анын ЖБА менен ооруганын аныктаган. Ал убакта үй-бүлөдө кыз төрөлүп калган эле. Көп өтпөй ата-энеси кызында да ушул эле оору бар экенин билишкен. Бир диагноз коюлган, бирок кам көрүү муктаждыктары ар башка болгон эки бала жана эненин мойнуна жүктөлгөн күнүмдүк жоопкерчилик.
Биз барган учурда Айбийке мультфильм көрүп отурса, Умар оюнчук унааларын сыймыктануу менен көрсөтүп жатты. Балдар сейилдеп, жаңы жерлерди көргүсү келет. Бирок үйдөн чыгуу оңой эмес. ӨЖД аппаратына муктаж Айбийке менен сейилдөө үчүн дагы бир адамдын жардамы керек. Ошондуктан алар сыртка сейрек чыгышат.
Айпери балдарына коюлган диагноздорду кабыл алуу оор болгонун жашырбайт. Ал хоспистин психологунан жана айыкпас дартка чалдыккан балдарды тарбиялап жаткан башка энелерден колдоо тапкан. Бул жерде ал кызына үй шартында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат менен кантип кам көрүүнү жана анын жөндөөлөрүн туура пайдаланууну да үйрөнгөн.
Мурда кызына керектүү чыгым материалдарына, атайын тамак-ашка жана кароо каражаттарына үй-бүлө айына 60-70 миң сом сарптачу. Уулуна массаж жана реабилитация жүргүзүү үчүн дагы 20 миң сомдой талап кылынган. Азыр балдар хосписте акысыз массаж алышат, ал эми керектүү чыгым материалдарынын бир бөлүгүн мамлекет камсыздайт.
Бул үй-бүлө үчүн чыгымдардын азайышын гана эмес, келечекке болгон ишенимдин артышын да билдирет. Буга чейин ата-энелер жаңы каражаттарды өз убагында сатып ала албай калуудан чочулап, айрым чыгым материалдарын үнөмдөөгө аргасыз болушчу.
Хосписте реабилитациялык сабактар да өткөрүлөт. Массажист жана реабилитолог Аман Темирланов балдар менен Фельденкрайз ыкмасы боюнча иштейт. Бул ыкма аң-сезимдүү кыймылдар аркылуу нерв системасы менен дененин өз ара байланышын жакшыртууга багытталган. Балдар 15 күндүк курстардан өтүшөт, ал эми ата-энелер үй шартында көнүгүүлөрдү улантуу боюнча сунуштарды алышат. Мындай жардам негизги ооруну дарылоонун ордун баспайт, бирок баланын мүмкүнчүлүгүнө жараша кыймыл-аракетин сактоого көмөктөшөт.
Хосписте балдардын кыялдарын орундатууга жардам беришет, майрамдарды уюштуруп, сейилдөөгө жана саякатка алып барышат. Онкологиялык ооруга чалдыккан кыздардын бири Ысык-Көлдү көрүүнү кыялданган. Хоспистин кызматкерлери анын бул тилегин орундатуу үчүн сапар уюштурушкан. Өмүрү көбүнчө дарыланууга жана медициналык процедураларга байланыштуу болгон бала үчүн бул жаңы жерлерди көрүүгө, бетке соккон шамалды сезүүгө жана өзү менен жакындарынын эсинде кала турган таасирлерге ээ болууга мүмкүнчүлүк болду.
Дагы бир бала беш жашка толгон күнүн хосписте белгилеген. Майрамга аниматорлор келип, фокустар көрсөтүлүп, оюндар уюштурулган. Туулган күндүн дасторконунда сүйүктүү мультфильмдеринин каармандары түшүрүлгөн торт да болгон. Көп өтпөй бала дүйнөдөн кайткан. Бирок ошол күндүн сүрөттөрү ата-энесинин жана хоспис кызматкерлеринин жүрөгүн азыр да жылытат. Сүрөттөрдө ал бейтап эмес, туулган күнүндө айланасына жакындары чогулуп, өзгөчө күн тартуулаган сүйүктүү бала катары калган.
Кээде кыялдын орундалышы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан белектен башталат. Мисалы, Бекзатка телефон, ал эми Алиханга сабак окууга колдонгон ноутбук белекке берилген. Балдар үчүн бул жөн гана буюм эмес, билим алууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана өздөрү кызыккан иштер менен алектенүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүк болду. Балдардын каалоолоруна көңүл буруп, колдоо көрсөтүүнүн аркасында алардын кыялдары акырындап ишке аша баштады.
Бир жолу хосписке ырчы Нурлан Насип 17 жашка толгон баланы куттуктап келген. Майрам шаңдуу ресторанда эмес, ашканада өткөн. Анын жанында достору жана жакын адамдарына айланган адамдар болгон. Өспүрүмдөр күлүп, сүйлөшүп, келечекке пландарын бөлүшүшкөн. Ал эми ырчы өзүнүн ырларын аткарып берип, балага акча менен баалоого мүмкүн болбогон чакан жеке концерт тартуулаган. Кийин бала дүйнөдөн кайткан. Бирок ошол жолугушуу жанында болгондордун эсинде сакталып калды.
Хоспистин дагы бир тарбиялануучусу да Нурлан Насип менен жолугууну кыялданган. Бул тууралуу уккан ырчы кызга гүл жана жумшак оюнчук аюу көтөрүп келген. Бир нече күндөн кийин кыз да дүйнөдөн кайткан.
Кыргызстандыктар дал ушундай мүмкүнчүлүктөр үчүн да кайрымдуулук кылышат. Балдар жана алардын үй-бүлөлөрү медициналык жардам менен керектүү камкордуктан тышкары, сом менен өлчөөгө мүмкүн болбогон бактылуу көз ирмемдерге да ээ болушу үчүн кайрымдуулук кылышат.
Майрам, саякат, сүйүктүү ырчысы менен жолугушуу, жаңы оюнчук же достор менен өткөргөн кеч дарылоонун ордун баса албайт. Бирок булар балдарга оору көп учурда тартып алган нерсени - кадимки балалыкты кайтарып берет. Ошондой эле ата-энелердин эсинде тынчсыздануу, ооруканалар жана медициналык процедуралар гана эмес, балдарынын жылмаюусу, күлкүсү жана бактылуу күндөрү да сакталып калышына жардам берет.
Дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнү бир маанилүү нерсени эске салат: ооруну толук айыктыруу мүмкүн болбосо да, жардам токтоп калбайт. Ал оорунун белгилерин жеңилдетүү, ата-энелерди колдоо жана баланын абалы мүмкүнчүлүк берген деңгээлде толук кандуу жашоосуна шарт түзүү аркылуу уланат.
