Akchabarsearch
«Азыркыга чейин ишене албай турам»: Шакиранын келиши эмне үчүн шоу-бизнес тармагындагы адис үчүн да өзгөчө окуя?
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2026-16-10, 10:43

«Азыркыга чейин ишене албай турам»: Шакиранын келиши эмне үчүн шоу-бизнес тармагындагы адис үчүн да өзгөчө окуя?

Концерттик жабдуулар менен төрт учак, чет элдик менеджерлерди таң калтырган өзгөчө жарнамалык кампания жана иш-чаралардын жаңы форматынан мамлекеттин алгачкы кирешелери. Колумбиялык ырчы Шакиранын Бишкекке келиши бул жөн гана музыкалык окуя эмес, Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы шоуларды өткөрүүгө канчалык даяр экенин текшерүү. Продюсер, дүйнөлүк жылдыздардын агенти Ислам Сатаров “Акчабарга” эмне үчүн буга чейин эл аралык жылдыздар Кыргызстанды кыйгап өтүп келгенин, “Бишкек Арена” стадиону ачылгандан кийин эмне өзгөргөнүн жана билеттин баасы күйөрмандарды эмне үчүн токтото албай жатканын айтып берди.

Ушул жекшемби, 18-октябрда “Бишкек Аренада” Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти өтөт. Кыргызстан үчүн бул концерт ири гастролдук шоулардын эл аралык рыногундагы өзгөчө дебют болот. Анткени дүйнөлүк жылдызды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү көрүүчүлөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө гана эмес, инфраструктуранын даярдыгына да байланыштуу.

“Акчабарга” эл аралык иш-чараларды уюштуруу боюнча продюсер жана кеңешчи Ислам Сатаров айтып бергендей, Борбор Азия өлкөлөрү узак убакыт бою дүйнөдөгү эң ири артисттер үчүн артыкчылыктуу багыттардын катарына кирген эмес.

“Мындай жылдыздар аталышы “-стан” менен аяктаган өлкөлөрдү дегеле караштырышпайт. Алар үчүн бул Афганистан, Пакистан же Курдистан сыяктуу угулат”, — деп ал өз пикиринде калыптанып калган стереотиптерди түшүндүрдү.

Албетте, бул дүйнөлүк жылдыздар буга чейин аймакта концерт койгон эмес дегенди билдирбейт. Мисалы, Женнифер Лопес Казакстанда жана Өзбекстанда концерт берген. Бирок Кыргызстан жакынкы убакка чейин ири эл аралык стадиондук турлардын картасында дээрлик болгон эмес.

Сатаровдун айтымында, кырдаал “Бишкек Арена” курулуп жаткан учурда эле өзгөрө баштаган. Эл аралык инвесторлор жана көңүл ачуу индустриясындагы компаниялар жаңы аянтчага ал ачыла электе эле кызыгуу көрсөтүшкөн.

“Бишкек Арена” курула баштаганда эле эл аралык инвесторлор, көңүл ачуу индустриясындагы корпорациялар кызыга башташкан. Мындай сүйлөшүүлөр бир күндө жүргүзүлбөйт. Мындай деңгээлдеги артисттер чечимди алдын ала кабыл алышат”, — дейт продюсер.

Ошол эле учурда анын баамында, Шакиранын концертине түздөн-түз даярдык көрүү болжол менен 20 күнгө созулган. Сатаров мындай кыска мөөнөт даяр инфраструктуранын болушу жана мамлекеттик түзүмдөрдүн көмөгү менен мүмкүн болгонун белгилейт.

Төрт учак жабдуулар жана кадимки райдер

Алдыдагы концерттин масштабын анын логистикасынан эле баалоого болот. Сатаровдун айтымында, концерттик жабдуулар өлкөгө бир нече жүк ташуучу учак менен жеткирилген. Ырчынын командасынын бир бөлүгү учурда Бишкекте.

Ошол эле учурда Сатаровдун айтымында, ырчынын кабыл алуучу тарапка койгон талаптары кыйла жөнөкөй болгон.

“Ал өзгөчө эч нерсе талап кылбайт. Эң башкысы коопсуздук жана жакшы инфраструктура. Калганын анын командасы өзү аткарат”, — деп айтып берди ал.

Продюсер ырчынын техникалык жана турмуш-тиричилик райдерлеринин чоо-жайын ачыктоодон баш тартып, бул маалыматтар купуя экенин белгиледи.

Кыргызстан үчүн мындай масштабдагы эл аралык шоунун келиши практикалык тажрыйба топтоого да мүмкүнчүлүк берет. Татаал сахналык конструкциялар, техникалык жабдуулар, эл аралык логистика жана дүйнөлүк турдун талаптары менен иштөө өлкөдөгү концерттик индустрияны өнүктүрүүгө негиз боло алат.

Шакиранын менеджментин Кыргызстандагы жарнама таң калтырды

Концерттин жарнамалык кампаниясы да чет элдик команданын өзгөчө көңүлүн бурган. Ислам Сатаровдун айтымында, ырчынын менеджменти шоунун өзгөчө жарнамаланышына, анын ичинде кызгылт түстөгү костюмдарды кийген катышуучулар менен өткөрүлгөн жаркын промоакцияларга көңүл бурган.

“Менеджмент биздин өлкөдө мындай жарнамага уруксат берилгенине таң калды. Алар үчүн бул - бул жерде демократия бар экенин, адамдар эркин экенин билдирген”, — деп чет элдик кесиптештеринин таасирлери менен бөлүштү ал.

Продюсердин пикиринде, мындай учурлар да Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги кабыл алынышына таасир этет. Чет элдик артисттер жана алардын командалары концерт өтүүчү жай менен гана эмес, өлкөнүн маданияты, коомдук атмосферасы жана өз долбоорлорун жарнамалоо мүмкүнчүлүктөрү менен да таанышат.

Ошол эле учурда Сатаров Шакиранын концертин уюштурууну өзү түздөн-түз жетектебей турганын, тармактагы кесиптештери менен кеңешчи катары кызматташып жатканын белгиледи.

Мамлекет билет сатуудан түшкөн кирешенин 10 пайызын алат

Имидждик таасиринен тышкары, концерт мамлекет үчүн түздөн-түз каржылык пайда да алып келет.

Ислам Сатаровдун айтымында, жеке инвесторлор “Бишкек Аренаны” ижарага алуу акысын төлөшөт, ал эми мамлекет GovTicket билет платформасынын иштешинин аркасында кошумча киреше алат.

“Инвесторлор аянтчаны ижарага алуу акысын төлөшөт. Биздин өлкөдө биринчи жолу мамлекеттик GovTicket билет оператору иштеп жатат. Билеттерди сатуудан түшкөн каражаттын дагы 10 пайызын мамлекет алат”, — деди ал.

Ошентип, продюсердин айтымында, мамлекет иш-чаранын коммерциялык моделине инфраструктуранын ээси катары гана эмес, билеттерди сатуудан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн алуучу тарап катары да катышат.

Ал эми концерттин өзүнүн кирешелүүлүгү тууралуу эксперт так божомол айтуудан карманат.

“Мен бул тармакта 20 жылдан бери иштейм. Кээде киреше абдан жакшы болот, кээде толук ийгиликсиздикке учурайт. Бирок биринчи күндө эле дээрлик 14 миң билеттин сатылышы долбоордун ийгилиги”, — деп эсептейт ал.

Баасы жана баркы: Шакиранын концерти кымбатпы?

Концерттин билет баасы талкууланып жаткан негизги темалардын бири болду. Стандарттык орундар 12 миңден 40 миң сомго чейин сатылууда. Ал эми айрым премиум категориядагы билеттердин баасы кыйла жогору.

Кыргызстанда расмий орточо эсептелген айлык акы 55 миң сомду түзөт. Демек, стандарттык категориядагы эң кымбат билет - 40 миң сом бир айлык орточо айлыктын 73 пайызына барабар. Ал эми 22 миң сомдук билет айлыктын 40 пайызын түзөт.

Бирок бул жерде эки түшүнүктү - бааны жана баалуулукту айырмалоо маанилүү.

Шакиранын концерти - керектелүүчү товар эмес, коммерциялык кызмат. Анын баасы уюштуруу чыгымдарынан, орундардын чектелүү санынан жана көрүүчүлөрдүн дүйнөлүк жылдызды өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн төлөөгө даярдыгынан түзүлөт.

Шакиранын ырларын угуп чоңойгон жана анын концертине барууну көп жылдан бери кыялданып келген адам үчүн билет сатып алуу толук негиздүү чыгым болушу мүмкүн. Ал эми башка көрүүчү үчүн бул сумма өтө эле кымбат сезилиши ыктымал.

Мындай чыгымдын өзүн актаарын ар ким өзү чечет.

Бул жагдайда GovTicket билет платформасы 15-октябрда концерттин расмий бааларын төмөндөтүү пландалбай турганын билдирген. Билет сатыла баштагандан бери баалар өзгөргөн эмес. Ошол эле учурда өнөктөштөр жана башка билет операторлору өз алдынча акцияларды өткөрүп, сатып алуучуларга арзандатууларды сунуштай алышат.

Банктар Шакирага болгон суроо-талапты жараткан жок — алар ага жооп беришти

Социалдык тармактарда күйөрмандардын концертке акча чогултууга жардам берүү, керектүү сумманы карызга берүү же музыкалык кыялын ишке ашыруу үчүн демөөрчүлүк кылуу өтүнүчтөрү пайда болду.

Мындай суроо-талапты банктар тез эле байкашкан. Рынокто атайын сунуштар, бөлүп төлөө мүмкүнчүлүктөрү жана Шакиранын концерти менен байланышкан насыялык продуктулар пайда болду.

Ислам Сатаровдун пикиринде, каржы уюмдары биринчи кезекте маркетингдик мүмкүнчүлүктү көрүшкөн.

“Алар үчүн мындай окуяга катышуу пайдалуу. Ошол эле учурда адамдарга концертке барууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришет”, — деп эсептейт продюсер.

Ошентип, банктар билеттерге болгон суроо-талапты жараткан жок, тескерисинче, көрүүчүлөрдүн ырчынын концертине барууга болгон каалоосуна жооп беришти.

Ошол эле учурда концерт үчүн насыя алуу керекпи деген талкуу каржылык сабаттуулуктун чегинен чыгат. Адам үчүн алган таасирлери канчалык маанилүү экени жана алар үчүн башка чыгымдарынан баш тартууга даярбы деген суроо көбүрөөк философиялык мүнөзгө ээ. Бул - артыкчылыктар, каалоолор жана жеке тажрыйбанын баалуулугу тууралуу маселе.

Шакирадан кийин Леди Гага жана BTS келеби?

Ислам Сатаров ийгиликтүү өткөн концерт эл аралык артисттердин Кыргызстанга болгон мамилесин өзгөртө алат деп ишенет.

“Шакира башка дүйнөлүк жылдыздарга жол ачып жатат. Эми Леди Гага, Бруно Марс же BTS болобу - уюштуруучулар аларга кайрылса, бул жерде мыкты шоу өткөрүүгө болорун билишет”, — деп эсептейт продюсер.

Сатаровдун айтымында, эл аралык промоутерлер үчүн татаал иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү тажрыйбасы өзгөчө маанилүү. Шакиранын концерти Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги шоулар үчүн зарыл болгон инфраструктураны, коопсуздукту жана уюштуруу иштерин камсыздай аларын көрсөтүшү керек.


Тектеш материалды окуу