Akchabarsearch
    Асман чапчыган баалар: Бишкектеги жердин баасы кымбаттагандан кымбаттап жатат

    Жарыяланган

    2025-23-06, 13:01

    Асман чапчыган баалар: Бишкектеги жердин баасы кымбаттагандан кымбаттап жатат

    Бишкекте жердин да, үйлөрдүн да баалары асман чапчып кетти. Айрыкча борбор калаанын түштүк тарабында баалар кымбаттагандан кымбаттап жатат.

    Адистердин айтымында, жердин кымбаттатыгына бир нече жагдай таасир этет. Анын ичинде үй салганга жердин аздыгы, жайгашкан аймагы, экологиялык абалы жана суроо-талап. Суроо-талап болгон сайын баалар да ордунда турбайт. 

    Администативдик-аймактык реформа жасалып, Бишкектин аянты дээрлик үч эсеге көбөйгөнү да бааларга таасир тийгизген. Борбор калаага кошулган конуштардагы жерлердин, анын аркасы менен борбордук бөлүктөгү жерлердин баалары өскөн. 

    Бишкекте Арча-Бешик менен Көк-Жара тараптан жер алам дегендер арбын болсо, шаар четиндеги айылдардан болсо, Арашан, Байтик жактан жер алгысы келгендер көп. 

    Борбор калаада жердин баасы бир жылда орточо 5 миң долларга өсүүдө. Эң кымбат деген баа шаардын борбордук бөлүгүндө. Ал жакта 1 сотик жердин орточо баасы 100 миң долларды түзөт. 

    Бишкекте жердин баасы өсө турган гана болбосо, асти арзандабачудай. Себеби суроо-талап барган жыл сайын өсүп жатат.


    Тектеш материалды окуу