Жарыяланган
2025-14-06, 14:22Бир убакта тонировкага тыюу салынып, 2022-жылы кайра уруксат берилген. Азыр тонировкага уруксаттын баасы жарандар үчүн бир жылга 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сомду түзөт. Ошентсе да баасына кайыл болуп, акчанын көзүн карабай тонировка чаптаткандар аз эмес. Алардын эсебинен бюджетке миллиондор түшүүдө.