Akchabarsearch
    «Өч алгандай жасады». Сарайы түрттүрүлгөн тургун

    Жарыяланган

    2025-31-05, 18:16

    «Өч алгандай жасады». Сарайы түрттүрүлгөн тургун

    Бишкек шаарынын бийлиги 26-майда Киргизия конушунда жашаган Алымбай Өкүновдун сарайын бузуп кетти. Ошол эле күнү аталган конуштагы 30дай үйдүн тосмолору түрттүрүлдү. Мунун баарын мэрия Айтматов көчөсүн кеңейтүү максатында жасоодо.

    Жолду чоңойтуу үчүн калаа бийлиги ондогон тамдын тосмосун бузуп, үй ээлеринин жеринин бир бөлүгүн мамлекетке алууну көздөп жатат. Шаар бийлиги билдиргендей, мамлекетке алына турган жерлер кызыл сызыктан чыгып турат.

    Бирок тургундар алардын көбүндө кызыл китеби бар экенин, жер алына турган болсо, ага ылайык кенемте да берилиши керектигин айтууда.


    Тектеш материалды окуу