Akchabarsearch

Энергетикадагы кырдаал: кичи ГЭСтерге артылган үмүт

Кыргызстан 30 жылдан бери биринчи жолу энергетика тармагын өнүктүрүүгө кадам жасай баштады. Мурда керектөө гана өсүп, генерация артта калса, азыр абал өзгөрө баштады. Мамлекет тарабынан инвесторлор үчүн шарттар түзүлүп, өлкө боюнча жаңы объектилер тездетилген темп менен курулууда. Кичи ГЭСтерге өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, 2025-жылы эле төрт ГЭС өз ишин баштайт.

Пресс-турдун жүрүшүндө Энергетика министрлиги учурда Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында 15тен ашык долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.

16-апрелде мекеме журналисттер менен студенттер үчүн республиканын энергетика тармагы кандай иштеп жатканын көрсөтүү үчүн энергетикалык объектилерге экскурсия уюштурду.

Негизги долбоорлордун арасында Ысык-Көлдөгү Орто-Токой ГЭСи бар. Анын кубаттуулугу 21 мегаватт болуп, 14 миңден ашык абонентке жетет. Курулуш кытайлык CHMC компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Дагы бир объект — Ат-Башы ГЭСи толук реконструкцияланды. Модернизациялоодон кийин анын өндүрүшү бир топ өстү – азыр станция Нарын облусунун керектөөлөрүнүн 25%ын жабат.

Энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет, чет элдик инвесторлор гана эмес, жергиликтүү инвесторлор да инвестиция салып жатканы кызыктуу факт. Мисалы, Куланак ГЭСи жергиликтүү жеке ишкердин демилгеси.

​​100 мегаваттык электр станциясы Нарын шаарынан 40 чакырым алыстыкта курулуп жатат. Ал жылына 450 миллион киловатт-саатка чейин таза энергия иштеп чыгарат. Жаңы ГЭСтин ишке кириши Кыргызстандын Борбор Азиядагы электр энергия рыногунда позициясын бекемдейт, анын ичинде кубаттуулугу 40 мегаватт болгон бир гана ГЭС иштеп жаткан аймактагы энергетикалык дефицитти азайтат. Учурда мекемеде 1 миңден ашык адам эмгектенет.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% гидроэлектрстанциялардан иштелип чыгат.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстандын тигүү тармагында эмне болууда?

    Акыркы айларда маалымат мейкиндигинде “Кыргызстанда 3 миң тигүү цехи жабылды” деген маалыматтар улам-улам айтылууда. Жеңил өнөр жайы негизги тармактардын бири болгон өлкө үчүн бул дээрлик өкүм сыяктуу угулат. Бирок тигүү өндүрүшү чындап эле жок болуп баратабы же биз тармактын өзгөрүү процессин көрүп жатабызбы? Бул суроого жооп берүү үчүн тарыхый башатына кайрылуу маанилүү
    2026-11-02 11:32:05
  • "Арабызда үйүнө жетпей каза болгондор бар". Үйүнө жетпей жүргөн үлүшчүлөр бийликке кайрылды

    Кыргызстанда үй алам деп акча салып, үйдөн жок же акчадан жок отуруп калган жарандардын саны арбын.
    2026-04-02 10:38:35
  • Пенсия, жөлөкпул, электр энергия: 2026-жылы кандай өзгөрүүлөр болот?

    Азыр 2026-жылдын астанасын аттаганы турабыз. Жаңы жылдын башында көптөр алдына жаңы максаттарды коюп, аны жыл ичинде ишке ашырууга аракет кылат. Жаңы өзгөрүүлөрдү күтөт.
    2025-31-12 08:56:26
  • Мамлекеттик программаларды ишке ашыруудагы «Айыл Банктын» ролу

    «Айыл Банк» өлкөдөгү мамлекеттик экономикалык саясатты практикалык жүзөгө ашырууну камсыз кылган негизги каржы институттарынын бири болуп саналат. Банк аркылуу мамлекеттик программалар дыйкандарга, ишкерлерге, өнөр жай ишканаларына жана калкка жетип, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, агрардык сектордон жана чакан бизнестен тарта социалдык колдоого жана инфраструктурага чейин камтыйт.
    2025-23-12 08:47:58