
Жарыяланган
2026-02-09, 18:17Кыргызстанда 31-август күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтүп, жергиликтүү спортчулар алтын медалдарды ала баштады. Бирок редакциябызды бир суроо кызыктырууда: мындай масштабдуу иш-чара өлкөгө канча киреше алып келет жана мамлекеттик бюджеттен жумшалган каражаттын канча пайызы кайтарылат?
Алгач, буга чейин белгилүү болгон сандарга токтололу.
Жаңы салынган “Бишкек Арена” стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Си Цзиньпинден Владимир Путинге чейин дүйнөлүк лидерлер, ошондой эле 30 миңге жакын көрүүчү катышты.
Кыргызстан быйыл мурунку жылдардагы көрсөткүчтөрдү жаңыртты. Оюндарга 113 өлкө катышууга арыз берген, Кыргызстанга 3 миңге жакын спортчу келди. Буга чейин оюндарга катышкан өлкөлөрдүн саны 102ден ашкан эмес.
Мындан тышкары, быйыл байге фонду 40,4 пайызга өсүп, 730 миң долларга жетти.
Ал эми Кыргызстанда оюндарды өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сомго жакын, же 3,8 миллион доллар бөлүнгөн. Бул 2024-жылы Казакстан ушундай эле мелдешке короткон каражаттан бир нече эсе аз.
Оюндар учурунда Кыргызстанга 200 миңге жакын турист келет деп күтүлүүдө. Иш-чарадан өлкөнүн экономикалык эффект 100-120 миллион долларды түзөрү айтылууда.
Божомолдор боюнча, Кыргызстанга туристтер 100дөн ашык өлкөдөн, анын ичинде КМШнын коңшу мамлекеттеринен ири топтор менен келишти. Оюндар өтүп жаткан күндөрү мейманканалардын толушу дээрлик 100 пайызга жетти. Booking сервисинде 31-августка Бишкектеги бош эмес бөлмөлөрдүн көрсөткүчү 98-99 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, шаарда бош орун дээрлик калган эмес.
2025-жылдагы орточо керектөө бааларына таянсак, Кыргызстанда туристтин бир күндүк негизги чыгымы болжол менен 4 миң 540 сомду түзөт. Бул суммага мейманканада бир сутка жашоо, үч маал тамактануу жана 5 чакырымдык эки жолу таксиде жүрүү кирет.
Бир жумада мындай турист орто эсеп менен 31 миң 800 сом, же расмий курс боюнча болжол менен 364 доллар коротот.
Мында экскурсиялар, сувенирлер, соода-сатык, унаа ижарасы жана башка кошумча чыгымдар эсепке алынган эмес. Ошондуктан туристтин чыныгы чыгымы мындан кыйла жогору болушу мүмкүн.
Оптимисттик сценарий боюнча, бир туристтин орточо чыгымы 52 миң 470 сомго, же болжол менен 600 долларга жетиши мүмкүн. Бул сумманы күтүлүп жаткан 200 миң туристке көбөйтсөк, болжол менен 120 миллион доллар чыгат. Уюштуруучулар дал ушундай экономикалык эффект күтүп жатышат.
Демек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга аларды өткөрүүгө кеткен чыгымдан 31,6 эсе көп каражат алып келиши мүмкүн.
2014-жылы Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндары салыштырмалуу арзан болгон. Эски ипподромду реконструкциялоого 84 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Ал эми 2016-жылдагы оюндарга мамлекеттин бюджетинен 1,7 миллиард сомго жакын, же болжол менен 20-24 миллион доллар сарпталган. Бул каражаттын дээрлик 90 пайызы жаңы ипподром курууга жумшалган. Ошол учурда Түркиядан жана жеке компаниялардан демөөрчүлөр тартылып, жалпысынан 3 миллион долларга жакын каражат чогултулган. Бул бюджетке түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берген.
2018-жылы Чолпон-Атада өткөн Көчмөндөр оюндары аралаш каржылоо жолу менен уюштурулган. Мамлекеттик бюджеттен 303 миллион сом бөлүнсө, дагы 163 миллион сомду демөөрчүлөр берген. Жалпы каржылоо 466 миллион сомду түзгөн.
Ошол кездеги Туризм департаменти чыгымдар толугу менен акталганын билдирген. Оюндарга 150 миңге жакын адам келип, алардын болжол менен 50-60 миңи чет өлкөлүк туристтер болгон. Экономикалык таасири да олуттуу деп бааланган.
Салыштыруу үчүн Казакстандын мисалын келтирели. 2024-жылы Астана Көчмөндөр оюндарына болжол менен 5,7 миллиард теңге, же 12 миллион доллардай каражат короткон. Бирок расмий жарыяланган экономикалык эффект чыгымдардан кыйла аз болуп, болжол менен 625 миң долларды түзгөн.
Ошол кезде Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги туристтердин саны жарым миллионго жетсе да, иш-чараны өткөрүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтура албаганын белгилеген.
Көчмөндөр оюндарынын эл аралык бренд катары ийгилиги көбүнчө түз киреше менен гана эмес, өлкө үчүн узак мөөнөттүү жарнамалык таасири менен да бааланат. Ошол эле учурда тажрыйба көрсөткөндөй, мындай иш-чараларды өткөрүүгө кеткен чыгымдар түз түшкөн кирешеден бир нече эсе жогору болушу мүмкүн.



