Akchabarsearch
Coca-Cola Кыргызстанда 30 жылдык мааракесин белгилейт

Жарыяланган

2026-24-08, 10:55

Coca-Cola Кыргызстанда 30 жылдык мааракесин белгилейт

Быйыл, 2026-жылы Кыргызстанда Coca-Cola суусундуктарынын өндүрүлүшүнө 30 жыл болду. Бул өлкөбүздөгү эң таанымал бренддердин биринин тарыхындагы маанилүү белеси.

1996-жылы завод ачылган күнү тартылган сүрөт

1996-жылдын 8-майында Кыргызстанда Anadolu Group компаниясынын курамына кирген Efes Sınai тарабынан Coca-Cola заводу ишке киргизилген. Бул долбоор өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы ири чет элдик инвестициялардын бири болгон. Үч он жылдыктын ичинде компания алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү боюнча алдыңкы ишканалардын бирине айланып, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.

2006-жылы Efes Sınai жана Coca Cola İçecek компаниялары бириккенден кийин ишкана Coca Cola İçecek (CCI) компаниясынын курамына өткөн. Түркиянын Anadolu Group холдингине кирген CCI бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашык боттлерди бириктирген Coca Cola системасынын эң ири боттлерлердин бири болуп эсептелип жана 12 өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Бизнести өнүктүрүү жана экономикалык салым

Бул аралыктын ичинде  “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАК (CCI Кыргызстан) рыноктогу позициясын кыйла бекемдеди. Компаниянын продукциялары өлкө боюнча кеңири сунушталып, миллиондогон кардарларга жеткиликтүү. Компаниянын бренд топтомуна Coca-Cola, Fanta, Sprite, Fuse Tea, Piko, Schweppes жана Bonaqua суусундуктары кирет.
Компания 900дөн ашуун кызматкерди иш менен камсыздап, жергиликтүү кадрлардын потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет.

Компания негизделгенден бери Кыргыз Республикасынын экономикасына багытталган инвестициялардын көлөмү 110 миллион АКШ долларынан ашып, мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы 210 миллион АКШ долларынан жогору болду.

Бул көрсөткүчтөр CCI Кыргызстандын ишенимдүү инвестор, жоопкерчиликтүү иш берүүчү жана салык төлөөчү катары маанилүү ролун даана белгилеп, компаниянын өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө болгон узак мөөнөттүү берилгендигин жана анын келечегине болгон ишенимин тастыктайт.

CCI Кыргызстан өндүрүштү модернизациялоого, инновациялык технологияларды ишке ашырууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестиция салууну улантууда.

Көптөгөн жылдар аралыгында компания өлкө менен бирге өнүгүп, коомчулук жана бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп келет. 2025-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн компания Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болгон «Ардак» ордени менен сыйланган.

Бул сыйлык компаниянын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү коомчулукту колдоого жана узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон көп жылдык салымынын жогорку баасы болуп саналат.

Туруктуу бизнес тажрыйбалары

Компания ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) багытындагы принциптерди жана мыкты тажрыйбаларды ишке ашыруу жаатындагы көп жылдык ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сыйлыктарына жана ардак грамоталарына бир нече жолу татыган. Бул сыйлыктар компаниянын туруктуу экономикалык өсүштү колдоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымынын жогорку баасын чагылдырат.

2024-жылдан тартып компания Кыргыз Республикасынын Ак ниет ишкерлер Реестрине киргизилген. Бул компаниянын ишкердик этиканын жогорку стандарттарын сактоого, ачык-айкындуулукка жана жоопкерчиликтүү корпоративдик башкаруу принциптерине болгон берилгендигин тастыктайт.

Туруктуу өнүгүү компаниянын негизги стратегиялык артыкчылыктарынын бири болуп саналат. CCI Кыргызстан экологиялык таасирди азайтууга багытталган заманбап чечимдерди киргизип, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана сактоо боюнча демилгелерди активдүү колдоп келет.
Компания туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында суу ресурстарын калыбына келтирүү жана толуктоо боюнча долбоорлорго инвестиция салууну улантып келет. 2026-жылы компаниянын суу толуктоо долбоорлору аркылуу жаратылышка 467,5 миллион литр суу кайтарылары күтүлүүдө. Бул көрсөткүч суусундуктарды өндүрүүдө пайдаланылган суунун көлөмүнүн 153 %ын түзөт. 

Бул жетишкендик CCI Кыргызстан компаниясынын суу ресурстарын жоопкерчиликтүү колдонуугажана туруктуу экологиялык башкарууга болгон берилгендигин баса белгилейт.

Коомчулукту өнүктүрүүгө салым

CCI Кыргырстан Kyrgyzstan жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө жигердүү салым кошуп, келечек муундарды колдоого багытталган демилгелерди ишке ашырып келет. 
Бишкек шаарында пластик бөтөлкөлөрүн өзүнчө чогултуу үчүн 100дөн ашык контейнер орнотулган,бул демилге жыл сайын болжол менен 3 тонна кайра иштетилүүчү калдыктарды экономикага кайтайтарууга мүмкүндүк берет.

Компания системалык негизде экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана айлана-чөйрөнү жашылдандырууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет. 2022-жылы старт алган Coca Cola Forest (Кока-Кола Токою) долбоорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 1475тен ашык бак-дарак отургузулуп, анын ичинде 300 көчөт 2026-жылы отургузулган. Дарактардын эффективдүү кам көрүлүшүн жана туруктуу өсүшүн камсыздоо максатында заманбап тамчылатып сугаруу системасы колдонулууда.

2024–2025-жылдары The Coca Cola Foundation жана CCI Кыргызстандын  каржылык колдоосу менен Борбор Азиянын Регионалдык Экологиялык Борбору (CAREC) Чүй облусундагы ирригациялык системаны жаңылоо долбоорун ишке ашырды. Аталган долбоор 220дан ашык дыйкан чарбасын камтып, 2000ден ашуун адамга пайда алып келди. 

Гидротехникалык инфраструктураны жаңылоонун натыйжасында сууну пайдалануу көлөмү 40 %га чейин кыскарып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 2,5–3 эсеге жогорулады. Ошондой эле 130 гектардан ашык сугат жер кайра калыбына келтирилди.
Компания экологиялык жактан туруктуу бизнес-демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жана ишкердик программаларын колдоп, катышуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келет.

Мындан тышкары, компания калдыктарды кайра иштетүү жаатындагы демилгелерин кеңейтүүнү улантууда. Бүгүнкү күндө 100дөн ашык уюм, анын ичинде HoReCa секторунун өкүлдөрү, калдыктарды өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү программаларына кошулган. Натыйжасында, кайра иштетүүгө чогултулган  материалдардын жалпы көлөмү 934 тоннага жетти.

CCI Кыргызстан ыктыярчылык жана экологиялык демилгелерди колдоо аркылуу социалдык жана экологиялык чөйрөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүп келет. Ошондой эле, жоопкерчиликтүү керектөө маданиятын өнүктүрүүгө жана жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу принциптерин жайылтууга салымын кошууда.

Корпоративдик маданиятты өнүктүрүү жана тең мүмкүнчүлүктөрдү жайылтуу

CCI Кыргызстан кызматкерлердин компетенцияларын өнүктүрүүгө жана инклюзивдүү корпоративдик маданиятты калыптандырууга системалуу жана келечекке багытталган мамилени карманат. Компания жеке өнүгүү пландары жана Next Talent, Next Generation, People Manager Effectiveness жана CCI Kyrgyzstan Leadership Program сыяктуу негизги лидерлик программалары аркылуу кызматкерлердин кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт. Жергиликтүү таланттарды жана келечектеги лидерлерди өнүктүрүүгө инвестиция кылуу менен компания өлкөнүн адамдык капиталын чыңдоого көмөктөшүп, анын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн колдойт.

Адам укуктарын урматтоо CCI компаниясынын бизнес жүргүзүү принциптеринин жана корпоративдик маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Компания кызматкерлер үчүн коопсуз, адилеттүү жана урмат-сыйга негизделген эмгек чөйрөсүн камсыздоого умтулат. Ошондой эле өз ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарында жана кызматкерлер, жеткирүүчүлөр, бизнес өнөктөштөр менен жергиликтүү коомчулук  менен болгон өз ара кызматташууда адам укуктарын колдоого, коргоого жана касыздоого өзгөчө көңүл бурат.

CCI ар түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк маселелерине өзгөчө көңүл буруп, ишенимге жана өз ара урматтоого негизделген ачык корпоративдик маданиятты калыптандырат. Компания ар бир кызматкердин өзгөчөлүгүн жана кошкон салымын жогору баалайт.
Ар түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк боюнча Манифестин (Diversity & Inclusion Manifesto) жетекчиликке алуу менен, компания үч негизги багытка басым жасайт: ар кандай муундардын өкүлдөрү үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, инклюзивдүү корпоративдик маданиятты өнүктүрүү жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

CCI Кыргызстан бул артыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн Gender Inclusive Language and Communication (гендердик жактан инклюзивдүү тил жана коммуникация) демилгесин, ошондой эле таланттарды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган Women in Leadership, U30+ жана STEM Ayim программаларын жүзөгө ашырууда.

Инклюзивдүүлүктү өнүктүрүүдө CCI Кыргызстан Аялдар Биримдиги (CCI Kyrgyzstan Women’s Network) маанилүү орунду ээлейт. Компаниянын ичинде иш алып барган бул кызматкерлер платформасы маанилүү демилгелерди ишке ашырып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт жана корпоративдик маданиятты мындан ары өркүндөтүүгө багытталган сунуш-пикирлерди чогултууга көмөктөшөт.

Компаниянын адилеттүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр принциптерине берилгендигинин дагы бир далили болуп эл аралык Equal Pay Certification сертификаты саналат. Бул сертификат компанияда бирдей баалуулуктагы эмгек үчүн кызматкерлерге тең эмгек акы төлөнөрүн жана бирдей мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынарын тастыктайт.

Бул демилгелердин аркасында CCI Кыргызстан кызматкерлеринин кесиптик өсүшү үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүп гана тим болбостон, ар түрдүү муундагы, көз караштагы жана кесиптеги таланттуу адистердин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышуусуна шарт түзүү аркылуу инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө да салым кошуп келет.


Тектеш материалды окуу