Жарыяланган
2026-22-10, 14:32Четтен келген арзан кумшекердиби же өзүбүздө өндүрүлгөн, бирок кымбатыраак кумшекерди алат белеңиз? Муну эмнеге сурап жатканыбызды алдыда айтып беребиз.
Мына азыр күз келип, кыргызстандык дыйкандар жазында айдаган кант кызылчасынын жыйым-теримин баштады. Алардын бири дыйкан Миргасым Аллахверанов көп жылдан бери кант кызылчасын жана башка өсүмдүктөрдү айдап келет. Ал быйыл 28 гектарга кант кызылчасын сепкен. Эми жакшы киреше болушу үчүн ар бир гектардан 80 тоннадан кант кызылчасын алышым керек дейт.

"Бир гектар кант кызылчасын өстүрүүгө жалпы 200 миң сомдой акча кетет. Эми кетирген чыгымдарды акташ үчүн мен бир гектардан 80 тоннадан кант кызылча алышым керек", - дейт Миргасым Аллахверанов.
Дагы бир дыйкан Юрий Урженко кант кызылчасын 30 гектарга айдаган. Ал жыйым-теримди баштаган айрым жеринде 60-70, айрымдарынан 80 тоннага чейин түшүм алып жатканын айтат.

"Завод кант кызылчасынын 1 тоннасын 5500 сомдон алат. Бирок ал баа арзан десе болот. Киреше көп түшпөйт. Жок дегенде 1 тоннасы 7500-8000 сом болгондо, дыйканга кант кызылчасын айдаган кирешелүү болот. Быйыл жер семирткичтин баасы дээрлик 1.5-2 эсе өстү. Күйүүчү май 30 сомго кымбаттады. Бир топ киши келерки жылдан баштап кант кызылчасын аз айдайбыз деп жатат", - дейт Юрий Урженко.
Дыйкандар жыйнаган түшүмүн Шопов шаарындагы "Кошой" кант заводуна тапшырат. Ишкана кант кылызчасынын 1 тоннасын 5500 сомдон алууда. Бирок завод дыйкан тапшырган кызылчанын 30%ын акчалай, калганын 70%ын даяр кумшекер түрүндө берет. Мисалы дыйкан 100 тонна тапшырса, анын 30 тоннасынын акчасын алат. Калган 70 тоннасын завод кумшекер түрүндө берет. "Кошой" заводу кант кызылчасынын тоннасы үчүн бааны жазга караганда 40 тыйынга көтөргөн. Андан кымбат ала албайбыз дейт.
"Баары кымбаттап жатканда субсидиясыз бутта туруп калуу кыйын болууда. Күйүүчү май, жер семирткич, дарылар кымбаттап жатат. Ага жараша 1 тонна кант кызылчасынын өздүк наркы да өсүүдө. Дыйкандар ага нааразы болуп жатышат.
Биз да бааларды көтөрө албайбыз. Бааны болушунча көтөрүп бердик. Жазында 5 сом 10 тыйын болчу, 5 сом 50 тыйын кылдык. 40 тыйынга көтөрдүк. Кант кызылчасынын 30%ын акчалай, 70%ын кумшекер менен беребиз. 1 тонна кант кызылчасы үчүн 74 кг кумшекер берилет", - дейт "Кошой" заводунун чийки зат кызматынын башчысы Геннадий Чжен.

Дыйкандарды түйшөлткөн бир маселе - алар кант кызылчасынан алган кумшекерди кандай баада сатабыз деп турган учуру. Себеби Кыргызстан менен катар эле ушул маалда Россия менен Беларуста да кант кызылчасы жыйналып, андан жасалган кумшекер экспортко чыга баштайт. Ал кумшекер Кыргызстанга да келет. Болгондо да алардын баасы биздикинен арзан болот. Маселен азыр биздеги кумшекердин биржасында дүңүнөн анын килограммы 69-70 сом болуп жатат. Ал эми Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, сентябрда Россияда кумшекердин баасы орточо 44 сом болгон. Эми элестетиңиз Россиянын кумшекери биздикинен 1.5 эсе арзан болуп жатат. Ал арзан кумшекердин айынан Кыргызстандагы дыйкандар өз кумшекерин сата албашы мүмкүн, сатса да, арзан сатып, чыгым тартып калат.
Ошондуктан "Кумшекер" класстери кыргызстандык дыйкандарды колдоо үчүн 2027-жылдын апрель айына чейин кумшекердин импортуна тыюу салып туруу керек дейт. Анткени азыр биз чет жактан арзан кумшекер келе берсин деп өз дыйкандарыбызды колдобой койсок, көп дыйкандар келерки жылы кант кызылчасын айдагысы келбей калат. Андай болсо биз импорттун көзүн карап калабыз. Бир күнү болбосо башка күнү сырттан келген кумшекердин баасы кымбаттаса, ал канча болсо, ошол баага алганга аргасыз болобуз.
"Биздин дыйкандардын кумшекеринин баасы түшпөшү үчүн импортко убактылуу тыюу салууну сунуштап жатабыз. Эгер баасы түшүп кетсе, дыйкандар келерки жылы кант кызылчасын айдабай коет. Алар кант кызылчасын айдабаса, бизге кумшекер жетпей калат. Ошондо биздин азык-түлүк коопсуздугубуз начарлайт. Дыйкандар пайдасын көрбөсө, кант кызылчасын такыр тикпей коет", - дейт "Кумшекер" кластеринин төрагасы Алмаз Алтыбаев.

Мындай окуя 2019-жылы болгон. Ал жылы баа түшүп кеткендиктен дыйкандар кумшекерин өтө эле арзан саткан. 2020-жылы болсо кант кызылчасы эки эсе аз айдалган.
Айтмакчы эмнеге Кыргызстанда өндүрүлгөн кумшекер кымбат да, сырттан келген арзан дешиңер мүмкүн. Биздин дыйкандардын айтымында, анын бир себеби чет жакта мамлекет өз дыйкандарын колдон-буттан алып, субсидия да берип турат экен. Бизде азырынча анчалык колдоо көрсөтүлбөйт. Мисалы мамлекет берип жаткан арзан деген майды да дыйкандар азыр 96 сомдон алып жатыптыр.
"Импорттолгон кумшекердин өздүк наркы арзан, биздики кымбатыраак болгондуктан, биз алар менен атаандаш боло албайбыз. Себеби бизде мамлекет тарабынан ал жактагыдай колдоо жок. Бизге мамлекет колдоо көрсөтөт. Бирок жетишерлик эмес. Мисалы азыр бизде жер салыгы жок. Бизге күйүүчү майды бир аз арзан, 96 сомдон беришет. Бирок ал дагы кымбат. Россия же Казакстандагыдай жарым баасында берилбейт. Субсидияны Россия же Казакстан сыяктуу бай өлкөлөр бере алат. Европада дыйкандарга ар бир гектар кант кызылчасы үчүн дээрлик 300 евродон субсидия беришет", - дейт дыйкан Миргасым Аллахверанов.
"Кумшекер" класстеринин маалыматы боюнча, бизге жылына 120 миң тонна кумшекер керек. Кыргызстандын өзүндө быйыл 80 миң тонна кумшекер өндүрүлөт деп пландалууда. Дагы өлкөдөгү заводдордо былтыркыдан калган жана сырттан ташылып келген 25 миң тонна кумшекер турат. Быйылкы түшүм менен запастагы кумшекер 105 миң тоннага барат. Бул кумшекер бизге 2027-жылдын июль айына чейин жетет. Ошондо импортко тыюу салынса, дыйкандар өз продукциясын жакшы баада сатканга мүмкүндүк түзүлөт жана бизге кумшекер жетпей калат деген маселе болбойт.

Алар арада "Кумшекер" класстеринин сунушу менен өкмөт жергиликтүү дыйкандарды колдоо үчүн азыр 2027-жылдын апрель айына чейин шекердин импортуна тыюу салууну пландап жатканын да айта кетели.
Биз жарандар арзандыгына карап, четтен келген кумшекерди ала берсек болот. Бирок бизде кала турган акча четке кетет, ошол өлкөнүн экономикасы үчүн иштейт. Бирок өзүбүздө чыккан, бирок кымбатыраак кумшекерди алсак, ошол акча Кыргызстандын ичинде калат, биздин экономика үчүн иштейт. Ал акчанын эсебинен жергиликтүү дыйкан айдоо аянтын көбөйтүп, дыйканчылык ишин өстүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Сөздү кыскартып айтканда өлкө экономикасы үчүн көп жагынан пайдасы тиет. Башында "четтен келген арзан кумшекердиби же өзүбүздө өндүрүлгөн, бирок кымбатыраак кумшекерди алат белеңиз?" деп суроо салганыбыздын жөнү да ушунда.



