ОСАГО боюнча камсыздандыруу жөнүндө кулагыңыз чалса керек. Жакында, 1-июлдан тарта ал күчүнө кирет жана камсыздандыруу полиси жокторго айып салына баштайт. ОСАГО деген эмнеге керек экенин, акча төлөп, камсыздандыруу полисин алсаңыз, сизге кандай пайда боло турганын бирге карап көрөлү.