Akchabarsearch
Кыргызстандын кант тармагы: чыгымдар өсүүдө, киреше көбөйбөй жатат
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-07-10, 17:21

Кыргызстандын кант тармагы: чыгымдар өсүүдө, киреше көбөйбөй жатат

Кыргызстанда кант кызылчасын өстүрүү жылдан-жылга аз кирешелүү болуп баратат. Күйүүчү майдын, газдын, үрөндүн жана жер семирткичтердин кымбатташы дыйкандар менен кант заводдорунун чыгымдарын көбөйтүүдө. Бирок даяр канттын баасы чыгымдардын өсүшүнө жараша көтөрүлбөй, рынокто арзан импорттук продукциялардын үлүшү көбөйүүдө.

Саринжи Айылчиев кант кызылчасын 1996-жылдан бери өстүрүп келет. Анын айтымында, 30 жыл мурда бул туруктуу киреше алып келген өсүмдүк болчу. Бирок акыркы жылдары аны өстүрүү кыйындап, кирешеси азайгандыктан, айдоо аянттарын жыл сайын кыскартууга туура келүүдө.

“Мурда кант кызылчасын 70 гектар жерге айдачыбыз. Акырындап аянтты азайтууга туура келди. Суу, жер иштетүү, үрөн жана жумушчу күчү боюнча көйгөйлөр бар. Ошондуктан айдоо аянтын кыскартып жатабыз. Былтыр 30 гектарга эккем, бирок такыр өнбөй калды. Бир топ чыгымга учурап, банкрот болдук”, — деп эскерет дыйкан.

Муну өткөн жылдагы статистика да тастыктайт. 2025-жылы кант кызылчасынын айдоо аянты 2024-жылга салыштырмалуу олуттуу өзгөргөн эмес. Ал 13 миң 400 гектарга жакын болгон. Бирок жыйналган түшүм дээрлик эки эсеге азайып, 950 миң 500 тоннадан 532 миң 200 тоннага түшкөн. Башкача айтканда, дээрлик ошол эле аянтка эгилген кызылчадан түшүм 44 пайызга аз алынган. Буга жазгы аба ырайы жана сугат суусунун жетиштүүлүгү чоң таасир этет.

Кыргызстанда кант кызылчасынын айдоо аянттарынын кыскарышы акыркы жылдарда эле башталган эмес. Бул өсүмдүк эң көп аянтка 2017-жылы эгилген. Анда көрсөткүч 17 миң 484 гектарды түзгөн. Ошондон бери айдоо аянттары кээде азайып, кээде бир аз көбөйгөнү менен мурдагы деңгээлге жете элек.

Быйыл дыйкандар мурдагы көйгөйлөрүнө кошумча жаңы кыйынчылыктарга да туш болушту. Акыркы бир жарым жылда дизель баасы кыйла кымбаттады. 2025-жылдын январында бир литри 71 сом 45 тыйын болсо, 2026-жылдын сентябрында 101 сом 43 тыйынга жетти. Башкача айтканда, баа дээрлик 42 пайызга өстү. Айрыкча быйыл жаздан тарта кымбаттоо күчөдү. Марттан августка чейин дизель майынын баасы дээрлик ай сайын жогорулап турду.

Чыгымдардын көбөйүшү кант кызылчасын өстүрүүнүн кирешелүүлүгүн дагы төмөндөтүүдө. Дизель майынын кымбатташы менен кошо айыл чарба техникаларынын кызмат акысы да өстү. Мындан тышкары, быйыл жыл башында жер семирткичтердин баасы кескин кымбаттаган.

Саринжи Айылчиев быйыл кант кызылчасын болгону 5 гектар жерге эккен. Мындай чечимге негизинен чыгымдардын көбөйүшү себеп болгон. Анткени аба ырайы ыңгайсыз болуп калса, кызылчадан түшкөн киреше жумшалган каражатты актабай калышы мүмкүн.

Ошондуктан дыйкан тобокелчиликке барбай, талааларынын басымдуу бөлүгүнө жүгөрү, ал эми бир аз жерине буудай жана арпа эккен. Бул өсүмдүктөр сууну азыраак талап кылып, кант кызылчасын өстүрүү барган сайын тобокелдүү болуп жаткан шартта чарбаны сактап калууга жардам берет.

“Быйыл 30 гектарга жүгөрү, 5 гектарга кызылча эккем. Мурда 4-5 гектарга жүгөрү, 20-30 гектарга кызылча өстүрчүбүз. Азыр болсо тескерисинче болуп калды”, — дейт дыйкан.

Чыгымдар кант заводдорунда да өсүүдө

Бул кырдаалдан чыгуунун бир жолу дыйкандардын көбөйгөн чыгымдарын жабуу жана аларды тармакта кармап калуу үчүн кант кызылчасын сатып алуу баасын көтөрүү. Бирок өлкөдө эки гана кант заводу бар. Алар бааны жогорулатууга каршы эмес, бирок азырынча мындай мүмкүнчүлүк чектелүү.

Кант заводдорунун да чыгымдары өсүүдө. Күйүүчү май, газ, ташуу, жабдуулардын тетиктери жана техниканы тейлөө кымбаттаган. “Кайыңды-Кант” заводунун директору Александр Шалютанын айтымында, 1-октябрда башталып, үч жарым айга жакын созулган кызылча кабыл алуу маалында ишканага кеминде 200 тонна дизель майы керек. КамАЗдардан тартып тепловоздорго чейин бардык техника дизель менен иштейт. Азырынча завод былтыркыга караганда кыйла кымбат баада 150 тонна гана күйүүчү май сатып алган.

Газ да кымбаттады. 2022-жылдан бери миң куб метр газдын баасы 21 миң сомдон 31 миң сомго чейин көтөрүлүп, дээрлик 50 пайызга өскөн. Завод 2024-жылы 13 миң 400 куб метрге жакын газ колдонгон. Ал эми 2025-жылы өндүрүштүн өздүк наркын кармап туруу үчүн газдан толук баш тартып, мазутка өткөн. Быйыл мазуттун баасы газдыкынан да ашып кетти.

Завод дыйкандар менен акчалай жана кант түрүндө эсептешет. Жазында келишим түзүлгөндө кант кызылчасын сатып алуу баасы тоннасына 400 сомго көтөрүлүп, 5 миң 500 сомду түзгөн. Бирок завод кабыл алынган түшүмдүн 30 пайызы үчүн гана акчалай төлөй алат. Калган 70 пайызы үчүн дыйкандарга даяр кумшекер берилет. Ошондуктан алардын кирешеси кумшекерди канча баада сата аларына түздөн-түз байланыштуу.

Бирок өндүрүштүк чыгымдар өсүп жаткан учурда даяр кумшекердин баасы, тескерисинче, төмөндөөдө. 2021-2023-жылдары анын чекене баасы килограммына 90 сомго чейин жетсе, 2026-жылдын күзүндө 80 сомдон ашкан жок.

Натыйжада күзүндө дыйкандар түшүм үчүн алган кантын сатып, насыяларын төлөп, кызмат көрсөтүүчүлөр жана жер семирткич жеткирүүчүлөр менен эсептешүүгө аргасыз болушат. Жазында болсо жаңы себүү өнөктүгүнө каражат керек. Бирок дал ушул мезгилдерде алар арзан импорттук кумшекер менен атаандашууга туш болушат.

Тармакты сактап калуунун жолу

Заводдор чыгымдарды дагы кантип кыскартуунун жолун издеп, дыйкандар кымбатчылык шартында чарбасын сактап калууга аракет кылып жаткан учурда, эки тараптын кызыкчылыгы кант кызылчасын сатып алуу баасына келгенде карама-каршы келүүдө.

Дыйкандар азыркы бааны адилетсиз деп эсептеп, кызылчанын бир тоннасын сатып алуу баасын 5 миң 500 сомдон 7 миң 300 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда. Саринжи Айылчиевдин айтымында, мындай баа күйүүчү майга, үрөнгө жана жер семирткичтерге кеткен чыгымдарды жабууга, ошондой эле кызылча өстүрүүнү кирешелүү кылууга мүмкүндүк берет.

Ал эми заводдор мындай бааны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирүүдө. Күйүүчү май менен газдын кымбатташынан улам кайра иштетүү чыгымдары да өскөн. Даяр канттын баасы болсо төмөндөп же туруксуз болуп турган шартта, кызылчаны тоннасына 7 миң 300 сомдон сатып алуу заводдорду чыгымга учуратып, өндүрүштү токтотууга алып келиши мүмкүн.

“Эгер кант кызылчасынын бир тоннасын 7 миң 300 сомдон сатып алсак, шекердин өздүк наркы килограммына 93 сомго чейин көтөрүлөт. Азыр болсо ал 73 сомду түзөт. Албетте, кызылчаны мындай баада сатып алсак болот, бирок анда заводдорду жаап салууга туура келет”, — дейт “Кошой” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды-Кант” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Алтыбаев.

Бул туңгуюктан чыгуунун жолун табуу үчүн кант кызылчасы тармагынын өкүлдөрү колдоо чараларын сунушташууда. Биринчиси - дыйкандар өздөрү өндүргөн кантты жергиликтүү рынокто сатып жаткан маалда арзан импорттук продукциянын басымын азайтуу үчүн кант импортун алты айга чектөө. Тиешелүү токтомдун долбоору өкмөттө даярдалып жатат.

Экинчи чара Мамлекеттик материалдык резервдер фондун ишке тартып, кумшекерди жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу. Алардын арасында кызылчанын акысынын бир бөлүгүн кант түрүндө алган дыйкандар да бар.

Ошол эле учурда Саринжи Айылчиев кант кызылчасын өстүрүүдөн баш тартууну азырынча пландабайт.

“Азыр балдар жардам берип жатышат. Айрымдары шаарга кетсе, башкалары башка жакта. Биз карыган дыйкандарбыз, балдар акчалай жардам беришет. Ошентип, кызылча эгип келебиз. Көнүп деле калдык. Андан башка эмне менен алектенмек элек?” — дейт дыйкан.

Бирок мындай шартта бардык чарбалар ишин уланта албайт. Эгер быйылкы сезондо тиешелүү чаралар көрүлбөсө, келерки жылы Кыргызстанда кант кызылчасынын айдоо аянттары дагы кыскарышы мүмкүн. Орусияда да кийинки жылы кызылча айдоо аянттары азаяры болжолдонууда.

Катардагы керектөөчү үчүн кумшекердин азыр арзандашы жакшы жаңылык болушу мүмкүн. Бирок баанын төмөн болушу көбүнчө импортко байланыштуу. Демек, ал Бразилия, Россия жана башка жеткирүүчү өлкөлөрдүн рыногундагы кырдаалга көз каранды. Эгер ата мекендик өндүрүш мындан ары да кыскарса, 2022-жылдагыдай дүйнөлүк баалар кескин көтөрүлгөн учурда Кыргызстан анын кесепеттерин жумшартууга жетиштүү мүмкүнчүлүк таппай калышы мүмкүн. Андайда бүгүнкү арзан канттын ордун келечекте баанын кыйла кескин өсүшү басышы ыктымал. Ал эми өз өндүрүшүнүн эсебинен бул соккунун таасирин азайтуу кыйыныраак болот. Анткени ошол убакка чейин өлкөдөгү кант кызылчасынын айдоо аянттары мурда болуп көрбөгөндөй кыскарып кетиши мүмкүн.


Тектеш материалды окуу