Akchabarsearch
1-октябрда пенсия көбөйөт: Пенсияга канча акча кошуларын кантип эсептеп алса болот?

Жарыяланган

2025-24-09, 17:19

1-октябрда пенсия көбөйөт: Пенсияга канча акча кошуларын кантип эсептеп алса болот?

Баарына белгилүү болгондой, Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көтөрүлөт. Пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашпаган жарандарга кеминде 600 сомдон, ал эми 50 миң сомдон ашкандардыкына 5 миң сомдон кошулат. 

50 миң сомдон көп пенсия алгандарга канча акча кошулары белгилүү (5 миң сомдон кошулат). Ал эми 50 миң сомдон көп эмес пенсия аларгандардыкын өзүнчө эсептеш керек болот. Мындан улам алар “менин пенсиям канча сомго көбөйөт?” деп турган чагы.

Социалдык фонд билдиргендей, пенсиясы канчага сомго көтөрүлөрүн эсептөө үчүн жаран азыр алып жаткан пенсиясынан 3 миң 170 сомду (пенсиянын базалык бөлүгүн) кемитип, чыккан айырманы 10%га көбөйтүш керек. 

Маселен, пенсионер 15 миң сом алса, андан 3 миң 170 сомду кемитет. Жыйынтыгында 11 миң 830 сом калат. Бул пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү болуп саналат. Аны 10%га көбөйтсө, 1 миң 183 сом болот. Ошондо 15 миң сом алган пенсионерге 1 миң 183 сом кошулат. Ушул эле ыкма менен 25 миң сом алган пенсионерге канча сом кошуларын эсептесек, ал 1-октябрдан тарта 2 миң 183 сомго көбүрөөк ала баштайт (25000-3170)х10%=2183). Ар бир пенсионер ушундай жол менен пенсиясы канчалык көбөйө турганын эсептей алат.

Ошол эле учурда пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү аз болгон пенсионерлерге 600 сомдон кошулат. Болжол менен алардын катарына 6.9 миңден 9 миң 170 сомго чейин пенсия алгандар кирет. Болбосо аларга азыраак акча кошулуп калмак: 6.9 миң сом алгандардын (Соцфонддун маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү эң аз пенсия 6.9 миң сомду түзөт) пенсиясы 10%га көтөрүлө турган болсо, алардын пенсиясы 373 сомго көбөймөк (6900-3170)х10%= 373). Ошондуктан аларга 600 сомдон кошуу каралган. 

Эскерте кетсек, пенсия базалык, камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрүнөн турат. Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн гана көтөрүү пландалган. Жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү убагында камсыздандыруу төгүмүн чегергенине жараша аз же көп болот. 

Пенсиянын базалык бөлүгү учурда 3 миң 170 сомду түзөт. Бул акча өлкө бюджетинин эсебинен төлөнөт. 

Ал эми топтомо бөлүгү жарандын Соцфондго которгон акчанын 2%ынан куралат. Бул акчаны жаран пенсияга чыгып жатканда, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда жана башка бир нече учурда ала алат. 


Тектеш материалды окуу