Akchabarsearch
Быйыл дыйкан-фермерлерге 10,3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Жарыяланган

2025-12-12, 18:07

Быйыл дыйкан-фермерлерге 10,3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Быйыл дыйкан-фермерлерге 10,3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, министр Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунун Большевик айылында өткөн Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын жаңыдан оңдолгон имаратын пайдаланууга берүү аземине катышты.

Министрдин айтымында, быйылкы жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго жетип, өсүү темпи 102%ды түздү. Кайра иштетүү тармагында болсо, 133,6% өсүш катталды.

“Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо күчөтүлүп, дыйкан-фермерлерге 10,3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди жана лизинг аркылуу 2 миң 69 айыл чарба техникасы берилди”, - деди ал.

Министр ветеринария жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу багытындагы иштерге да токтолду.

“Быйыл 25 шаар жана 601 айылда таза суу долбоорлору ишке ашып жатат, ал эми ветеринария секторуна 293 млн сом бөлүнүп, бир катар лабораториялардын жана имараттардын курулушу башталды”, - деди Төрөбаев.


Тектеш материалды окуу