
Жарыяланган
2026-13-02, 17:58“Түндүк” тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө тыюу салгандардын саны 183 миң 807ге жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул былтыркы жылдын 1-ноябрынан бүгүнкү күнгө чейинки көрсөткүч.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн.



