
Жарыяланган
2026-04-05, 17:092025-жылы Кыргызстанда берилген кредиттердин жалпы көлөмү бир жыл ичинде 42.7%га же 155 млрд 800 миң сомго көбөйүп, 518 млрд 177.9 млн сомго жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Берилген каражаттын ичинен:
• 113 млрд 945.6 млн сом — керектөө муктаждыктарына
• 12 млрд 537.7 млн сом — ипотекалык насыяларга багытталган
Ошондой эле 2025-жылдын жыйынтыгында банктардын республиканын экономикасына берген кредиттери 506 млрд 859.8 млн сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 1.5 эсеге көбөйгөн.
Маалыматка ылайык, кредиттердин негизги бөлүгү — 82%ы улуттук валютада берилген.



